www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирзиёевге Путин Орусиянын эң жогорку сыйлыгын «Александр Невский» орденин такты. Биздики менен тажиктердики умсунуп тим калышты. ШКУ лидерлери бак отургузушту. Ошол жерде Кыргызстандын президенти менен кошо Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон деле жүрөт. Кыргыз-тажик чек арасында жаңжаал болуп жатса эки «дос» мамлекет эмнелерди сүйлөшүп жатат болду экен? Же болбосо эмне болсо ошол болсун деп, Путиндин алдында жалпактап жүрөбү? Ошол жерден убакыт таап бул маселени кан буугандай чечиш керек эле. Эки «дос» президент бир жерде шаан-шөкөт кылышып сый –тамак ичип жүрүшсө, чек арада жаңжаал болуп жатса, муну көпчүлүк кандай түшүнөт?

 Бак отургузган символикалык иш-чарага Өзбекстанга ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына келген бардык 15 өлкөнүн лидерлери катышты.Көчөттөрдү биргелешип отургузуу ШКУнун саммити өтүп жаткан «Самарканд Жибек жолу» туристтик комплексинде өттү. Ошондой эле, өлкө башчылары «Түбөлүк шаар» комплексинде болуп, ал жердеги орто кылымдардагыдай стилдештирилген базарды, карапа, жибек кагаз, зергерчилик, килем токуу жана башка буюмдарды жасоочу устаканаларды көрүп чыкты. “Түбөлүк шаар” менен таанышкандан кийин мамлекет башчылары майрамдык концерттик программанын коштоосундагы бейформал сый тамакка өтүштү.

ШКУну милитаризациялап, аны эч кимге каршы коюуга эч ким аракет кылбайт. Анткени, ШКУдагы бардык мамилелер бири-биринин кызыкчылыгын сыйлоонун негизинде түзүлөт. Ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгү үчүнчү жактарга каршы багытталбаганын белгиледи.Бул достук уюм, аты айтып тургандай, эч кимге каршы эмес. Ал эми бул кимдир бирөөлөргө каршы эмес, бир нерсе үчүн достук. Буга чейин ШКУнун мурдагы башкы катчысы Рашид Алимов уюм «аскердик-саясий жана экономикалык биримдик эмес» деп билдирүү жасаган.

Самаркандда өткөн саммитте Иран Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчөлүгүнө кабыл алынды. Самаркандда өз ара түшүнүшүү меморандумуна Ирандын тышкы иштер министрлигинин башчысы менен уюмдун башкы катчысы кол койду. ШКУнун баш катчысы Чжан Мин бул күндү Иран үчүн да, уюм үчүн да маанилүү деп атады.

"Ирандын катышуучу өлкөлөрдүн тобуна кириши Шанхай кызматташтык уюмун бекемдейт", - деди ал. Ислам республикасына кирүүгө байланыштуу чечим былтыр сентябрда белгилүү болгон. Анда өлкөнүн президенти Ибрагим Раиси уюмга мүчө болуу Иран үчүн "дипломатиялык ийгилик" болорун айтты. Анын пикиринде, Тегерандын ШКУда болушу Азия-Тынч океан чөлкөмүндө күчтүү экономикалык байланыштарды жаратат.

Самаркандда өткөн ШКУ саммитинде Шавкат Мирзиёев менен Владимир Путин Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту. Жолугушууда мамлекет башчылары сооданын ассортиментин жана көлөмүн көбөйтүү, биргелешкен кызматташуу долбоорлорун илгерилетүүнүн натыйжалуу механизмдерин калыптандыруу, аймактар ​​аралык практикалык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Владимир Путин Шавкат Мирзиёевге өлкөлөр ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоодогу зор кызматы үчүн Александр Невский орденин тапшырды. Тиешелүү жарлыкка орус мамлекетинин башчысы ушул жылдын июль айында кол койгон. Ташкентте Мирзиёевдин Орусия Федерациясынын ордени менен сыйланышы анын демилгелерин эл аралык деңгээлде таануу катары бааланды. Жогорку сыйлыкты тапшыруу аземи ШКУнун Самарканддагы саммитинин алкагында өттү: «Мен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Миромонович Мирзиёевге Орусиянын жогорку мамлекеттик сыйлыгы Александр Невский орденин тапшырганыма чын жүрөктөн кубанычтамын. Бул орден чет мамлекеттердин жетекчилерине Россия менен достук байланыштарды чыңдоого кошкон зор салымы үчүн ыйгарылат жана сиз, урматтуу Шавкат Миромонович, бул жогорку сыйлыкка башкалардан көбүрөөк татыктуусуз”, - деди Путин.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости