www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатат. Бул туурасында Кыргызстан УКМКсы билдирди.

"Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууну токтотуу аракетине карабай, тажик тарап биздин аймакты басып алууга аракет кылып жатат. Чатак болгон аймакка аскердик оор техникаларды алып келип, болгон куралдарды колдонуп, Кыргызстандын аймагын көздөй аткылоону улантууда. Учурда чек аранын бардык аймагында каршылашуу жүрүп, кагылыш уланып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Чек арачылар Тажикстандын согуштук агрессиясынын мизин кайтаруу аракеттерин көрүүдө.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, саат 8:30дан баштап КР УКМКнын Чек ара кызматы ок атышууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылууда. Бирок 8:30да да, 10:00дө да тажик тарап келишимдерди аткарган эмес.

Белгилей кетсек, саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.

Тажик тарап танктарды, БТР, БМП жана минометторду колдонууда. КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан өздүк курамы ок атышууну улантууда.

Маалыматка ылайык, саат 8:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу болуп жатат.

Эске салсак, 14-сентябрда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атышуу алгач Булак-Башы тилкесинде болгон. Андан соң чатактын очогу Как-Сайда, кийин Паскы-Арык аймагында жанган. Кыргыз тараптан эки жоокер жаракат алган. Андан соң "Самаркандек" заставасынын жанындагы атышууда эки кыргызстандык – бир аял жана бир эркек ок жегени, кийинчерээк 11 жаштагы бала жарадар болгону айтылган.

Учурда облус башчысы Абдикарим Алимбаев күч структуралары менен биргеликте чек арада иш алып барууда. Ал эми жалпы кырдаалды УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлгө алууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости