www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Заманың бөрү болсо бөрү бол», суйкайып бир сулуулук алы бар Бөлтүрүк ары болуп, бери болуп жүрүп акыры торго түштү. Башкы прокуратура «уу коргошун» экс-министрге алы жетпей калган соң, өз атын такымга уруп күчөй баштады. «Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл» дегендей Башкы прокуратура түз эле Бөлтүрүктү баса жыгылды. Бөлтүрүк мырза эбакта бөрү болгон бир нече күн жатымыш болуп, кимдир бирөөлөргө бир нерсеп «кусуп» анан жаадырап жайнап СИЗОну желкемдин чуңкуру көрсүн деп чыга берет да.

Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүктү кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов билдирген. Мындан тышкары, камсыздоо боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Джаналиева жана каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов кармалганы көрсөтүлгөн: «Кармалгандардын бардыгы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда», - деди Сирожиддин Камолидинов.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын ишин текшергенден кийин Башкы прокуратура үч кылмыш ишин козгогон. Буга чейин Кумтөрдө аныкталган каржылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, азык-түлүк, тетиктер базар баасынан жогору баада сатылып алынганы белгилүү болгон. Буга байланыштуу буга чейин Кумтөрдү жетектеп келген Теңиз Бөлтүрүк жана каржы директору Рыспек Токтогулов ээлеген

 «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча үч кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Башкы прокуратура тарабынан «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча бир катар кылмыш иштери козголгон. Мында алдын ала эсептөө боюнча, аталган коомдун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Жума күнү, 16-сентябрда, Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын тышкы менеджери катары Теңгиз Бөлтүрүктүн ишмердүүлүгү тууралуу отчету каралмак. 23-августта Министрлер кабинетинин буйругу менен “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунда тышкы башкаруу процедурасы токтотулган. Ушул эле документ менен Теңгиз Бөлтүрүккө эки жумалык мөөнөттө, башкача айтканда, 6-сентябрга чейин “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомун убактылуу тышкы башкаруунун бүткүл мезгилиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу отчетту Министрлер кабинетине берүү тапшырылган.

“Теңгиз Бөлтүрүк буйрукта белгиленген мөөнөттө Министрлер кабинетине отчет берди. 16-сентябрда Министрлер кабинетинин отурумунда отчет каралат”, — деп билдирген ведомствонун басма сөз кызматы.

Кумтөр кенинде мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржылык мыйзам бузууларды аныкталган. Анын алкагында, Теңгиз Бөлтүрүк менен ишкананын каржы директору Рыспек Токтогулов иштен алынган. Анын ордуна аталган компанияда 20 жылдан ашык убакыт эмгектенген Алмаз Барыктабасов дайындалган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости