www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал саат 11:30га карата курч бойдон калууда. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, чыр-чатак орун алган Баткен районунун Булак-Башы аймагында КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын УКМКнын Чек ара аскерлеринин Согди облустук башкармалыгынын башчысынын X.Пиракзоданын жолугушуусу өтүүдө.
"Ок атууну токтотуу тууралуу жетишилген макулдашууларга карабастан, тажик тарап маал-маалы менен кыргыз чек арачылары тарапка ок чыгарууну улантууда. Саат 11:30га карата КР УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери арасында жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн кайрадан кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды.
КР УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.
“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган”, - деп айтылат маалыматта.
Ал ортодо Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода чек арадагы чырды жөнгө салуу боюнча телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Булак: NazarNews.kg