www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласты илгери Ташкул Керексизов, Дастан Сарыгуловдор чимирип бийлеп турчу, айрыкча Ташкул аке бул облусту телефон менен башкарып койчу деп угабыз. Кийин 2005-жылдагы революцияны камсыз кылгандардын бири Жусупжан Жээнбеков, аялзатынан «атамекенчил» Койсун Курманалиева, Дайыр Кенекеевдер бул жактын бир кулактарын чоюп турушкан. Талас облусунун губернатору Бакытбек Нарбеков жакынкы аралыкта иштен кетет деген сөздөр угулат. Дээрлик эки жылга чукул мезгилден бери облуста губернатор катары ишти тарта албай койду. Бары-жогу билинбей, өгүз өлбөсүн, араба сынбасын деп келе жатат. 

Кезинде «Биримдик» партиясы менен Жогорку Кеңешке шайлоого катышып, Асылбек Жээнбековдун арыгын өтө жакшы эле чапты. Кийин «хамалеончо» өзгөрүлүп жаңы бийликтин этегин кармап губернатор болду. Колду боорго алып бүгүлүп турган адам алыс бараарын Бакытбек мырза жакшы түшүнгөн чиновниктердин бири. Иштен кетсе, жерде калбасы белгилүү. 

Учурда Таласка губернатор болом деп, «өлө элек аюунун терисин бөлгүсү келип» чуркагандар арбын. Булардын төтө башында Кемпир-Абад боюнча чыр чыгып, бул комиссиянын мүчөлөрү жапырт камала баштаганда камалгандан калган Рыскелди Момбеков бар. Атамбаевдин доорунда парламентте “короз- булбулга” айланган Рыскелди Момбеков деген бар. Ал бул парламентке СДПК аркылуу келсе да Атамбаевге тийиштик кылып сүйлөй турган. Андан соң Текебаев менен ымаалашып Атамбаевге каршы аткан ок болду. Сурабалдиева сыяктуу ай мончоктой сулууларды ээрчитип эл кыдырып жүрдү. Жээнбеков президент болгондо элдин бары Атамбаевге жаман сөз айта баштаганда бир аз сууп калды. Текебаев карабай сызып кеткенде кайрадан Атамбаевге оогон. Азыркы президенттин жинине ар дайым тийип, сындап жүргөн Рыскелди Момбеков да сүрмө топ менен камаларда таасирдүү кызматтагы таластык үкасы болушуп, бир шанс сураганы болжонууда. Бул туугандын атын атабай туралы. Кези келгенде жакшылыгы айтылса керек. Эми Рыскелди мырза бийликке азуусун шакылдатып, тишин кайрай береби, же үкасынын боор тартканы үчүн тизгинин жыябы? Ай ким билет? Атагы мурункудай угулбаса да Момбеков моменти келгенде катуу айтып салат.

“Тилде сөөк жок” дегендей, Момбеков ыңгайы келгенде моокумун кандыра жамагын келтирип, жардан алыс учурчудай эле жамандаса керек. Азырынча атакеси Атамбаевдин колтугундабы же башка колтукка кире качтыбы белгисиз. Анткени губернатор болсом деген деми үлкөн.

"Губернаторлукту президентке кирип чечип чыктым" дегендердин сап башында Баткен Шер-Нияз турат. Агасы Садык Шер-Нияз «парламенттик башкаруу системасын башымды сайып коргойм» деп күпүлдөп жатып, жыйынтыгында Франциянын элчилигин соодалашып баса берди эле. Учурунда Болот Шер мамлекеттеги экинин бир инсан болгон. Ал Атамбаев президент болоордо Таласка барып элди көр жемеге алгандыгы үчүн президенттен алып салганда жоолук тартуулаган. 2009-жылы инсульт болгонуна карабай 2010-жылы 6-апрелде Таласта көтөрүлүштү баштап, УКМК башына кап кийгизип Бишкекке алып келген.  

Дагы бир губернатор болом дегендердин бири, президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев деген жаш жигит. Жаш болсо да амбициясын ооздуктай албаган дымактуу неме экен. Түз эле губер болом деп шымаланып турган учуру. Бул жаш баланы Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров колдоого алып жатканы кеп болууда. Үчөөнүн кимисине ийгилик жылмаят жакынкы учурда күбө болобуз.

Талас облусунда КРВИ жана сасык тумоого чалдыккандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу бардык мектептер жана бала бакчалар он күнгө – 14-декабрдан 24-декабрга чейин карантинге алынды. Бул тууралуу Талас райондор аралык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти. Адистердин айтымында, облуста 113 мектеп, 70 бала бакча бар. Ал эми сабакка келбегендердин саны 32 пайызды түздү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости