www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарындагы абанын сапаты боюнча маселе көтөрүлдү.

Депутат Шайлообек Атазовдун айтымында борбор калаанын абасы адамдын ден соолугуна кол салып жатат.

"Ыштын айынан жаш балдардын өпкө оорулары жана башка оорулар күчөдү. Ал гана эмес өмүрү менен коштошкондор жок эмес. Өкмөттө, парламентте бул маселе боюнча жыйындар болду. Бирок жыйындын жыйынтыгы болбой жатат. Себеби бардык аткаминерлер кайдыгер карап жатышат.

Бүгүн жыйынга тиешелүү жетекчилерди чакырып маалымат угалы", - деди Атазов.

Атазовдун сунушуна вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев бул маселени кийинки жума карайбыз деп жооп берди. Буга депутат Сүйүн Өмүрзаков, олуттуу маселе болуп жатса, кийинки жумага калтырганды кандай түшүнсө болот, деп нааразы болду.

"Адам өлүп жатат. Анан кандайча кийинки жумага калтырабыз деп жатасыңар? Муну кандай түшүнсө болот? Жылдан-жылга абанын сапаты бузулуп жатат. Тиешелүү жетекчилер тез арада келип, маалымат беришсин", - деди Өмүрзаков. 

Буга вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев кийинки жумага калтырууну кадимкидей эле түшүнсө болоорун билдирди.

"Регламент жол бербесе, мен кантип күн тартибине киргизейин? Өзүңүз жакшы билесиз да аны. Анда регламентти оңдойлу. Бул маселе боюнча маалымат гана уга турган болсок эртеңкиге киргизели, ал эми токтом кабыл алып, регламентке киргизели десек кийинки жумага калтырабыз", - деди Сыдыгалиев.

Триубанга кайра чыккан депутат Өмүрзаков вице-спикер Сыдыгалиевге көчөгө чыгып, абанын сапатын көрүп келүүнү сунуштады.

Буга Сыдыгалиев көчөгө чыгып эле жүрөм деп жооп берди.

Жыйынтыгында аталган сунуш добушка коюлуп, 61 депутат макулдугун берди. Жыйынга Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүн да чакыруу чечими кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости