www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдөн сыртка агылган акчалар доллар менен алганда үч эсеге өстү. Эгемендүү өлкө болгондон бери Кыргызстандын сыртка агылган капитал акыркы эки жылдагыдай рекорорддук суммага жеткен эмес. 

Алсак, үч кварталдын жыйынтыгы боюнча эле, өлкөдөн дээрлик 610 миллион доллар сыртка чыгарылып кеткен. 

Башкача айтканда:
 
I квартал – 91,6 миллион (2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,9 миллионго аз);

II квартал – 154,1 миллион (38,3 миллионго көп);

III квартал – 363,1 миллион (239,7 миллионго көп); 

Жыл жыйынтыгы менен бул сумма дагы канчага жетет? Миллиардга чыгабы? 

Демек, өлкөдөн ишкерлер капиталын чыгарып кетип жатышканы айдан ачык көрүнүп калды. Экономикалык кырдаал оорлоп, инвестиция тартылбай, казына калдырап бошоп жатканынын бир себеби ушул жакта жатат. 

Чынында бир жылда эгерде миллиард доллар сыртка чыгарылып жатса, өлкө ичинде товар жүгүртүү азайып, элдин жакырлануусуна негиз түзүлүп жатпайбы?

Последние новости