www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СССР жаңы башталганда Казакстандын тең жарымынан көбүн Кыргыз ССРи дешкен. Андан мурун Кеннсары деген орто жүздүн ханынын башын Ормон алып туруп Санкт-Петербургга берип жиберген, ошол бойдон орустар казактарга Кененсарынын башын бербей жүрөт. Казактардын тарыхына келсек үч гана казак мамлекет башында болуптур, 1960 жылы казак Кунаев Николай Беляевден Казактан КП БКнын биринчи секретарлыгын өткөрүп алып уйгур Юсуповго өткөрөт. 1964-жылы Брежнев келгенде Юсуповдон кайрадан Кунаев алып 1986-жылы Геннадий Колбинге өткөрөт. Андан 1989-жылы казак Назарбаев алып, 2019-жылы казак Токаевге өткөрөт. Биринчи президент – Елбасы жөнүндөгү мыйзам 2022-жылдын аягына чейин токтотулат. Кылмыш-жаза кодексинде президенттин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү жоопкерчиликти караган жалпы берене гана болот - жалпы бардык президенттер үчүн.

Ал эми казактар өз тарыхын кол менен жасап турушуп,байыркы элбиз деп мактанып турушат. Чын эле тарыхты жазап койсок болобу? Казактар өз  этносун сүрүштүрүп отуруп түбү барып эң байыркы- касак жана кассит элдерине барып такашты. Бул жоктон табылган санжыра боюнча  казак элинин пайда болушуна 4000 жыл болгон деп эсептей башташты. Албетте, курулай сөз менен тарыхты жасоого болбойт эмеспи, казактардын түпкү теги касак жана касситтер тууралуу тастыктаган жазууларга таянып жатышат. Анткени бул сөздөр казакка окшош болуп жатышпайбы. Персид падышасы биздин заманга чейин алтынчы кылымда жашаган Дарий Биринчинин ташка жазылган Бехистун жазуусунда жазылыптыр. Ошондой эле шумерлердин (шум эр) биздин заманга чейин 2 миң жыл мурун керамикага жазып кеткен касситтер жөнүндө жазуулар, алар жөнүндө эскерген байыркы географиялык карталар, документтер жана башка тарыхий булактар бар экен буларды казактар биздики дей башташты.

Казак окумуштуулары салыштырып отуруп казактардын түпкү теги Ассирия-Вавилон иероглифтеринин негизинде өз алфавиттерин түзүшкөн жазмасы бар сабаттуу эл болгон дей башташты. Мунун далили катары Акмоло облусунун Ак-Көл районундагы Мамай көлүнүн жээгинде табылган таштагы байыркы жазууну эсептеп жатышат. Бул табылган эстелик Хунн дооруна тиешелүү. Профессор Абай Каиржанов бул таштагы жазууну мындай деп чечмелеген: «Улуу кызыл ди». Ди, казактардын түпкү ата-тегинин бири кыпчактар, хунндар менен бирге батышты көздөй жортуулга жөнөшкөн.

Казак цивилизациясы азыркы заманда жаш цивилизация деп эсептелгени менен тарыхка бай башаты бар деп эсептешет казак окумуштуулары. Бирок алар буга өтө аяр мамиле кылып жатышат. Анткени, факт аз. Казак тарых илиминин патриархы академик М.К. Козыбаев акыркы убактарга чейин казактардын цивилизациясын «көчмөн» жана «талаа» цивилизациясы деп эсептеп келген. Ал эми Е.С.Омаров «аскер-көчмөн» казак цивилизациясына негиз салган.

Байыркы заманда жер маселеси эң негизги маселе эле. Казактардын түпкү ата-тегинде өз элин коргоого дайым даяр турган күчтүү атчан аскери болгон. Казактар варвар болгон эмес, казактардын түпкү ата-тегин туулган жеринен батышты көздөй сүргөн Иран менен Кытайдын башкаруучуларын варварлар деп койсо болот. Бул заман элдердин улуу көчүү заманы деп  тарыхта калган. Чындыгында, казактар сүрүлүп отуруп өздөрүн аймактарын кеңейтип алышкан. Ошону менен бирге балким адамзаттын тарыхында биринчи ирет чек араларына таш коюшуп, ташка өз элинин, өз уруусунун тамгаларын чегишкен. Биз төмөндө казактын түпкү ата-тегинин дүйнөлүк цивилизацияга тийгизген таасирин кыскача жазып кетели. Казактардын түпкү ата-теги дегенде сактарды, гунндарды, скифтерди, түрктөрдү, кыпчактарды эске алыш керек.

1.Бул Шумер мамлекети. Казактардын арасында Шумеке деген үлкөн уруу бар. Шумер-  жазуу менен математиканын мекени, Арийлер, Элам (Алан),  Вавилон, Улуу Туран,Улуу Гунндар, Батыш жана Ак гунндар (эфталиттер), Кушан падышалыгы, Сактар, Скифтер, Сарматтар, Хорезм, Хазарлар, Аварлар,Түрк каганаты жана башкалар. Олжас Сулеймановдун айтуусунда  биздин заманга чейинки алтынчы кылымда сактардын экинчи аты хасак болгон, ушундан улам казак деген ат келип чыккан экен. Айтмакчы, кытай жана немец эли казактарды ушу күнгө чейин хасак деп айтышат. Онунчу кылымда Казак мамлекети бар экенин Византия билген.

2.Касситтер Шумерде алтын монеталарды акча катары колдонууга өбөлгө түзгөн. Казактын түпкү ата-теги согуш өнөрүн эң биринчилерден өздөштүрүп,башка элдерге согуш искусствосун үйрөтүп, колбашчы болгон.

3.Илим жана искусствого тийгизген таасирлери: шумер жана орхон-эне-сай жазуусун, шумер цифрасын, он эки жылдык календардык циклды, астрономия, алгебра, теңирчилик, зороастризм, элдик медицина, оозеки фольклор, домбра, кобыз жана башка музыкалык инструменттер, жомок, эпос, айтыс, макал, акын-жырау жана башка дүйнөлүк цивилизацияга тийгизген таасирин санап отурса сөз жетпейт.

4.Казак цивилизациясын  «талаа» цивилизациясы деп гана атоого болбойт. Анткени шаар жана тоолуктар таарынып калышы мүмкүн. Казактар түпкү мекени катары кыргыздар сыяктуу Алтай жана башка тоолорду эсептейт.

1.Олжас Сулеймановдун Бехистун жазуулары боюнча айтканына караганда хасактар биздин заманга чейинки алтынчы кылымда эле жашашкан Ачыгын айтканда «Сак цивилизациясы». Дагы бир мындай пикир бар сактардын хандарын хансак деп аташыптыр. Ушул хансактардан казак эли келип чыккан дешет.Арийне, казактардын түпкү теги сак, скиф, гунн экендери талашсыз.

2.Эң негизгиси казактардын аймагынын үлкөндүгү. Орус-казактар бекер жеринен өздөрүн казак деп аташкан эмес. Эмне үчүн татар, румын, мадьяр, ногой деп аталбай казак деп аталышкан? Бул тарыхий жактан изилдениши керек. Өзбектерди да башында көп мезгилге чейин өзбек-казак деп атап келишкен. Бул жерде кошумчалай кетүүчү сөз казак талааларын европада кыргыз талаалары деп эсептешкен. Улуу акын Пушкиндин чыгармаларында «киргизский степь» деп казак жерлерин айтканы кезиксе, ошол мезгилде казакка тиешелүү жерлер казак деп айтылбай кыргыз деп айтылганын тарыхий документтерде тапса болот. Ал эмес Октябрь революциясынан соң казактарды Кыргыз автономиялуу республикасы деп түзүшкөнү белгилүү. 1924-жылга чейин казактарда Кыргыз АССРи өкүм сүргөн.  Тарых менен талашууга жана оңдогонго да болбойт. Эмне үчүн башка элдерди казак (орус-казак) дешип, ал эми казактарды кыргыз дешкен? Өзбекстандагы Жизак облусу совет бийлигинин учурунда өзбектерге арендага берилген казак жери, казактын түштүк чек арасы, Азербайжандагы Казак шаары казактардын батыш чек арасы экен. Казак тилинин диалекти жоктугу күчтүү цивилизация болгондугун далилдейт.  Казактар кыргыз, ногой, кара калпак, өзбек сыяктуу тектеш тилдүү элдер менен эриш-аркак, биргеликте кылымдардан бери өмүр сүрүп келатат. Казак цивилизациясы гунндардын заманында Рим, Византия, Иранга күчтүү таасир берип,үлкөн мейкиндикти ээлеп Евразияга негиз салган. Ак гунндар (эфталиттер) Борбордук Азия менен бирге чыгыш Түркстанды,Түндүк Индияны былк эткизбей ээлик кылган. Казак цивилизациясы тууралуу ой-жоруулар акыркы мезгилде курч мүнөзгө ээ болуп келатат. Кыргыз менен казактын түпкү теги бир болгондуктан, тарыхыбыздын түбү деле бир болуш керек. Кайдагы бир Шумер, аты окшош болгондуктан касситтерге барып жамынбай, же хан сак деп сактарга кирип кетпей, биргелешип ата-тегибиздин тарыхын изилдесек казак да, кыргыз да байыркы элдерден болгондугун тарыхий жактан документтер менен тастыктап чыкмакпыз.

Бекер жерден «Казак, кыргыз бир тууган, чүрчүттөрдү ким тууган» деген кеп калган эмес. 1924-жылга чейин батыш, Орусия  тарап казактарды «кыргыздар» дешкен, буга казактар Кыргыз АССРи деген атты алып жүргөнү күбө. Кыргыздар тууралуу байыркы кытай жазма булактарында жазып кетишкен экен. Бүгүнкү күндө Казакстан 2030-жылга карата өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуунун аракетинде. Жаңы борбор калаасы Астананы гүлдөтүп куруп коюшту, экономикалык жактан өнүгүп баратат. Президент Токаев келип, казак бийлиги демократиянын ачкычын тапкандай.

Казакстандын тарыхы кенен болгон менен азыркы замандагы казак окумуштууларынын айткандарына гана таянып, кыргыздын тарыхы кытай жазмаларында жазылып калыптыр. Мындан миң жыл мурун кыргыздар өз алдынча мамлекет түзүп Кытай менен алака-береке кылып турганы тууралуу кытайлыктар айтып жатат. Казак окумуштууларынын апыртмаларына ишенебизби же тарыхка ишенебизби?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости