www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Темир мырза технологияны өтө тез өздөштүрөт. Бөтөнчө «арамзалыктын технологиясын». Далил керек: Ал «Атадан калган туяк» фильмине тартылып, жылаңайлак чуулдап жүргөн убакта эле, башка балдарга момпосуй берип алдап, өзү негизги каарманды «арамзалык» менен алган. Бул мезгилде «арамзалыктын алиппесин» гана үйрөнүп жүргөн. Ал эми «арамзалык илиминин докторлугун» ал, 2009-жылдагы президенттик шайлоодо жактады. Бул кезге чейин оппозициянын лидерлеринин бири болуп жүргөн Темир Аргенбаевич, бир эле күнү 180 градус бурулду. Не болду десек БЭК Атамбаевдин талапкердигин көрсөтөт, Сариев болсо Атамбаевдин талапкердигине каршы экен, анткени Атамбаевди жек көрөт экен. Кийин жек көргөн Атамбаевдин кол алдына пок жегени барып өкмөт башчы болдубу? Ошентип, Темикең ыраматылык досу Эшимкановдун жөлөгү менен оппозициянын ыркын бузуп, соодалашып бийлик бере турган премьер-министрлик кызмат үчүн «кол бала оппозицияга» айланып кеткен. Бийлик аны шайлоодо пайдаланып Ош, Жалал-Абаддан жасалма добуш алып берип, туалеттеги керектелген кагаздай эле ыргытып баса беришкен. «Ат адашып үйүрүн табат»-деп, кайра БЭКке келген соң революция болуп кетип атпайбы. Эми Сариевге окшогондордун СИЗОдон чыккандан кийин жашынып жатканы жөнүндө кеп жок. Темикең финансы министрин теминген соң сотка менен эле миллиондорду кайсап жиберчү. Атамбаевке жагалданып жүрүп өкмөт башчы да болгон. Өнөктөшү президенттин экс -аппарат жетекчиси Эмил Каптагаевке Ысык Көлгө губернатор болуп турганда кимдир бирөөлөрдү каралап жаз дегенди да Сариев ойлоп тапкан. Бирок Каптагаев каралаган эмес.
Темир Сариев президент болууга умсуна баштады. Ал Кыргызстандын президенти эмес, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенттигине биринчи талапкер өз арызын каттады. Биринчилерден болуп экс-премьер-министр, учурда кызматтан кеткен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Темир Сариев болду.
Соода-өнөр жай палатасы Марат Шаршекеев өз каалоосу менен берген арызынын негизинде төрагалыктан кеткенин билдирген. Буга байланыштуу Кубанычбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында палатанын кеңешмеси өтүп, анда 19-декабрга Соода-өнөр жай палатасынын кезексиз 11-курултайын чакыруу жана палатанын жаңы президентин шайлоо чечими кабыл алынган. Соода-өнөр жай палатасынын жобосуна ылайык, аны бир катар талаптарга жооп берген Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү башкара алат.
Талапкердин толук жогорку билими, экономика же тышкы экономикалык ишмердик тармагында жана мамлекеттик кызматта же ишкананын жетекчиси болуп 5 жылдан кем эмес иш стажы болушу, соттуулугу жана салык органдарына карызы жок болушу керек. Жаш чеги 35 жаштан 65 жашка чейин. Палатанын президенттигине талапкерлигиңизди көрсөтүү үчүн палатанын сайтында арыз толтуруу керек.
7-декабрдан тарта Соода-өнөр жай палатасы борбор калаада катталган Соода-өнөр жай палатасына мүчө ишканалардын 19-декабрга белгиленген президенттик шайлоого делегаттарды тандоо боюнча жыйындарын өткөрө баштаганын кошумчалайбыз.
«Биз палатанын бардык мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын 11-съездине делегаттарды шайлоого активдүү катышууну суранабыз. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси кызматына арызыңызды бериңиз”, — деп чакырды палатанын вице-президенти Бахтияр Мухамедзиев.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg