www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир канча күндөн бери “Ош” эл аралык аэропортунда учактар коно албай, айрымдары Бишкек шаарындагы “Манас” аэропортуна кайтып барып, рейстер жылдырылып, жүргүнчүлөргө бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып жатат. Мунун баары туруксуз аба ырайынан кесепетинен болууду. Башкача айтканда, коюу тумандын айынан ушундай кырдаал түзүлүп жатат. Туман каптап, учактар коно албай калган кездери “Ош” аэропортун жылдыруу керек деген сөздөр кайра көтөрүлөт.
Анткени бул сөз мурда да болуп келген. Атүгүл аэропорт курулат деп Кара-Суу районундагы Мады кыштагынын жанынан 500 гектар жер да бөлүнүп берилген. Бирок Оштун аэропортун жылдыруунун зарылчылыгы жок деген пикирдегилер да бар. Аталган аба майданда 43 жыл иштеп, жакында ардактуу эс алууга чыккан Мураталы Акматов Eurasia Today басылмасына бул маселе боюнча маек берди.
- Мураталы мырза, сөз башынан болсун. Оштун аэропортун жылдырабыз деп көп жылдардан бери эле сөз болуп келген. Айрыкча туман болуп, каттамдар кармалып калганда дайыма көтөрүлөт. Мына, азыр да ошондой көрүнүш катталып, учактар тумандын айынан кармалып, жүргүнчүлөргө көйгөй жаратып жатат. Негизи сиз Ош аэропортунда көп жыл иштеген адам катары айтсаңыз, аэропортту которгон туура болобу же туура эмесби?
- Аэропортту которуу маселесин мурунку парламенттин депутаттары көтөрүшүп, азыркы депатамент болуп калган мурунку Жарандык авиация агентствосунун тийиштүү адистери менен биздин аэропорттогу бир нече кызматтар, бир канча бөлүм башчылар, жетекчилер болуп ошол аэропортко бөлүнгөн деген жерге барып, көрүп келишкен. Мен ошол маселе көтөрүлүп жатканда бир нерсеге таң калгам. Бул демилге парламентарийлер тарабынан көтөрүлдү, бирок өкмөт тарабынан же ошондогу агенттик тарабынан көтөрүлгөн жок. Мен ушуга таң калдым. Ошентсе да ойлойм, тиги депутаттар жакшы ой менен ушул нерсеге барышса керек. Бирок ар кандай жакшы ойдун, жакшы тилектердин артында илимий көз караш, кесипкөй адамдардын баалары, алардын пикири болуш керек да.
Негизи аэропортту жылдырыш боюнча айта турган болсок, мурдагы Жарандык авиация агенттиктегинде бардык тармактар боюнча өзүнүн ишин жакшы билген адистер отурат, ошолор ушул маселеге так жооп берет. Эми сен менден сурап атасың, мен ушул тармактын ардагери катары, өзүмдүн көз карашымды айтайын. Анткен менен жүз пайыз ары же бери деп айта албайм, бирок мындай: эгер биз Отуз-Адырга аэропортту жылдыра турган болсок, туман жоголуп кетет деген ойдон алыс болушубуз керек. Мына мен кечээ унаа менен Жалал-Абаддан келдим. Ошко чейин туман болду. Ушул жердеги туман ошол Отуз-Адырда да турду. Эгерде бул жерде туман болуп, ал жакта ачык болот дегенди ким текшерип, өлчөп көргөн? Бардык нерсеге факт менен, эсептөөлөр менен, анан илимий жактан далилдер менен барыш керек да. Аэропортту бир жерден экинчи жерде жылдырыш оңой-олтоң иш эмес. Оштун аэропорту – бул, Эл аралык аэропорт, Кыргызстандын түштүгүндөгү эң чоң аэропорт. Өлкө калкынын жарымын тейлейт. Ага кошумча кошуна Өзбекстан, Тажикстандын жарандары пайдаланып, учуп кетишет, учуп келишет. Ошондуктан муну которуп, тиякка жылдырып жиберебиз деген оңой маселе эмес. Анан ЖМКда мамлекет тарабынан олуттуу көңүл бурулганын деле көргөнүм жок.
- Башкача айтканда, аэропортту которуунун зарылчылыгы жок экен да э?
- Эгер маселе туманга эле келип такалса, анда аэропорттун категориясын жогорулатыш керек. Жакшыртыш керек. Мына мисалы, учактардын туманда отуруу мүмкүнчүлүгү менен “Манас” аэропорту менен айырма бар. Борбордогу аэропорт менимче, 3-категорияда. А биздики экинчи категорияда. Ошондо аларда туманда да отура беришет, а бизде “Манастагыдай” туманда отура албай калышы мүмкүн. Анын өзүнүн көрсөткүчтөрү бар, сандар менен. Атайын булактарга кайрылуу керек. Баары бир далилдер менен иш кылган жакшы. Анан туман болуп, 3-4 рейс коно албай калса эле, бул маселени көтөрө бериш болбойт го дейм. Азыр коом өзгөрүп атат. Мисалы, чет мамлекеттердеги аэропорттордо кандай деген каражаттар турат. Тескерисинче ошолорду алып келип коюп, техникалык жактан тейлей турган жабдыктарды жакшыртыш керек дегендерди сөз кылсак жакшы болмок. Туман маселесин ошолор менен эле чечип койсо болот.
Анан каражаттар боюнча, тигиндей же мындайлары бар, ошолорду алып келиш керек деп айта албайм. Бирок биздикине караганда, айрым аэропорттордо коюу тумандарда деле учак коно берет. Демек, ошол керектүү каражаттар бар. Союз убагында андай аэропорт Москванын Шереметьево жана Украинанын бир аэропортунда күчтүү аппарат бар деп айтышат эле. Анан бизди азыр ошончолук деңгээлде болбосо дагы, арзаныраак аппараттар болушу мүмкүн. Ошону караштырыш керек. Эми кыш келгенде туман болот, кээде аэропорт жабык болгон учурлар болот. Туман бир калыпта тура бербейт, кээде сейректешет, айрым учурларда коюуланат. Анан жүргүнчүлөр учуп келип, кайра кеткенине анча кайгырбаш керек. Эң башкысы экипаж аларды аман-эсен кайра кондурса болгону. Кичине убарагерчилик болот. Бул деген авиация да.
- Бийликтен демилге болбогону тууралуу сөз кылып калбадыңызбы. Бирок 2016-жылы өкмөт тарабынан Оштун аэропортун которуу боюнча бир катар иштер аткарылып, жер да бөлүнгөн. Анан Кара-Суу районун мурунку акимдери да бул маселени көтөрүп жүрүшкөнү маалым. Кытай менен Түркиядан демөөрчү чыгып атат деген сөздөр да угулуп жүрөт. Андан сырткары, чек арага жакын жайгашкан аэропортуңарды жылдыргыла деп Өзбекстандан нота келген деген сөздөр айтылып жүрөт. Ушуларды эсепке алып, кандай бүтүм чыгарса болот?
- Эми бул маселе ал жылдары өкмөттөн көтөрүлсө, көтөрүлгөндүр. Жогоруда айттып өттүм го, аэропортту жылдыруу оңой-олтоң иш эмес. Аябагандай чоң каражатты талап кылат, биринчиден. Экинчиден, сен айткандар кандай ой менен которобуз дегенин билбейм, бирок Өзбекстандан аэропортуңарды жылдыргыла деген нота келген деген сөз имиш болсо керек. Мен айтып атпайымбы, ушул аэропортто 43 жыл иштесем, ушул аралыкта бир гана жолу Өзбекстандын Анжиян облусунда аскердик окуу-машыгуулар өткөрүлүп калып, эки саатка гана аба мейкиндигин жаап коюшкан. Анда күндүзү болчу, биздин учактар Өзбекстандын аймагы менен эмес, башка курс менен учуп, ошол эле Отуз-Адыр жак менен келип конгон. Анда да бир же эки рейс. Бирок ал эч кандай деле тоскоолдук кылган жок. Кийин кайра ошол жабылууну кайра алып коюшту, болду, эмдигиче учуп атышат. Аба мейкиндигин пайдалануу боюнча эл аралык келишимдер бар. Ошолорго таянып иштей беришет. Өзбекстан антиптир-мынтиптир деген туура эмес. Ал имиш болушу мүмкүн, мен ага ишенбейм.
Коомубуз алдыга жылып атпайбы. Мамлекеттердин арасындагы мамилелер боюнча Евробиримдик кандай болуп калды? Буйруса, бизде дагы ошондой прогрессивдүү жолдор менен жакшы жактарга карай өсүп өнүгүшүбүз мүмкүн. Чек ара тоскоолдук кылат деген маселе өзүнөн өзү жоюлушу мүмкүн.
Негизи менин жеке көз карашым мындай: аэропортту жылдыруу деген өтө чоң каражатты талап кылган, өтө чоң убарагерчиликтүү маселе. Анан кийин, ушул маселеге терең жооп алыш үчүн, биздин департаментте көп бөлүмдөр бар, ал жерде аэродром боюнча, кыргыз аэронавигация боюнча, жана дагы башка багыттар боюнча бөлүмдөр иштеп атышат. Ошол жердегилерден маалымат алса болот. Толук картинаны ошолор берет. Аэропорт деген татаал маселе, көп тармактан турат.
Менин жеке оюм ушул: аэропортту жылдыруу – аябагандай чоң каражатты талап кылган маселе. Андан көрө жакшылап реконструкциялап, заманбап жабдууларды алып келип койсо, тумандагы кайтып кеткен рейстер азаят эле. Аларды жок кылып жиберүү мүмкүн болбосо да, минимумга түшүрөт болчу.
- Демек, жылдыруунун зарылчылыгы жок?
- Менин оюмча жок. Ал менин жеке оюм. Бул кимдир бирөөгө жагышы мүмкүн, дагы бирөөгө жакпашы мүмкүн. Эмне болгондо да, тигиндей убарагерчиликтин кереги жок.
Маектешкен: Асанбек Пазыл