www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
8-декабрда Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүндө "Спектр социалдык укуктук борбору" коомдук бирикменин башкармалыгынын демилгеси менен адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алуу күнүнө карата тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргызстандагы кыйноолорго каршы коалициянын төрагасы Улугбек Азимов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева, Ысык-Көл облусу боюнча Омбудсмендин аппаратынын ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Тамаев, облустун укук коргоо органдарынын жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышышты.
Тегерек столдун катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, милиция адам укуктарын коргоодо маанилүү орунду ээлерин белгиледик. Бүгүнкү күндө, милициянын ишмердүүлүгү адам укуктарына тиешелүү ар түрдүү маселелер боюнча талаш-тартыштын борбордук бөлүгүнө таандык. Акыркы мезгилде укук коргоо уюмдарынын милицияга болгон көз караштарынын жана аны менен өз ара аракеттенүү жолдорунун өнүгүшү, адам укуктарынын бузулушун алдын алуу максатында өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган жалпы өзгөрүүлөр турмушта бекем орун алууда.
Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында биздин демилгебиз боюнча үстүбүздөгү жылдын 11 айында 40тан ашуун ар кандай алдын алуу иш-чаралары өткөрүлгөн. Облустун аймагы боюнча 1400гө жакын милициянын көчмө кабылдамаларынын чыгуулары жүргүзүлүп, жер-жерлерде үй-бүлөлүк зомбулуктун 156 учуру боюнча юридикалык жардам көрсөтүлгөн.
Ысык-Көл милициясы тарабынан балдардын укуктарын, эркиндиктерин коргоо жана аларга карата зордук-зомбулукту болтурбоо максатында "Инсан мууну" коомдук бирикмесинин колдоосу менен театралдаштырылган форум уюштурулуп, бул иш-чарага облустун орто билим берүүчү мектептеринин 18000ден ашуун окуучулары жана 250 мугалимдери катышышты. Ысык-Көл ОИИБдин жана анын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын демилгеси менен балдарга карата укук бузууларга жол бербөөгө жана жашы жете электер тарабынан кылмыштардын алдын алууга багытталган 10 миңге жакын профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Жалпысынан жыл башынан бери биздин облустук милиция адам укуктарын коргоо боюнча, өзгөчө кылмыштуу кол салуулардан жабыр тарткандардын укуктарын коргоого багытталган талыкпаган аракеттерди талап кылган иштер турмушка ашырылды. Мисалы, 11 айдын ичинде кылмышкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен улам жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыян 48 миллион 207 миң 439 сомду түзгөн. Көрүлгөн иш-аракеттерден улам, милициянын күчү менен 34 миллион 623 миң 405 сомду түзгөн материалдык зыян ээлерине кайтарылып берилип, кайтаруу пайызы 71,8 пайызды түздү.
Бүгүнкү күндө милицияга адам укуктарын коргоочу катары мамиле кылуу, адам укуктары жана милициянын иши тыгыз байланышта экенин түшүнүү менен кызыкчылыктардын кесилиш чекиттерин аныктоого мүмкүндүк берген тыгыз кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөр ачылды. Адам укуктары жана эркиндиктери милициянын ишмердүүлүгүндөгү негизги критерийлер болуп саналат. Алар анын ишинин өбөлгөсүн жана мыйзам чегинде ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун негиздерин аныкташат.
Булак: NazarNews.kg