www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соода-өнөр жай палатасынын президенттигин шайлоо өтүп, экс-премьер-министр Темир Сариев президент болуп шайланды. Жыйында талапкерлер өзүнүн программасы тааныштырышты. Палатанын президиуму төрагалыкка талапкерлигин койгон тогуз кишинин ичинен бардык талапка жооп берген үч адамдын талапкерлигин жактырган. Алардын катарында Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев, INTEGRA Engineering Group ишканасынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси Жодар Сайдилканов жана “Шумкар логистикалык компаниясынын” башкы директору Авазбек Керимбаев бар болчу.Палатанын мурдагы президенти Марат Шаршекеев ноябрдын аягында кызматтан кеткен.

Кыргызстан компартиясын биринчи секретарлыгына  же мамлекеттин президенттигине өкмөт башчысынан көтөрүлгөндөр Раззаков Исхак, Бакиев Курманбек, Отунбаева Роза, Атамбаев Алмазбек, Жээнбеков Сооронбай. Бул жерде дагы бир кызыктар бар Турдакун Усубалиев чейрек кылым же жыйырма беш жыл республиканын компартиясынын биринчи секретары катары иштесе, 2005 -2020 жылдары он беш жыл ичинде Кыргыз Республикасынын президенти болуп алты адам: Акаев Аскар, Бакиев Курманбек, Отунбаева Роза, Атамбаев Алмазбек, Жээнбеков Сооронбай, Жапаров Садыр дайындалган.

 Премьер-министрлерден Улукбек Марипов Араб өлкөлөрүнө элчи болуп кеткен. Кулатов Төрөбай, Дүйшеев Арстанбек, Ибраимов Жумабек, Муралиев Амангелди, Кулов Феликс, Кубатбек Боронов  жана башкалар маркум болушкан, пенсияга чыгышкан же иштеп жүрүшөт. Танаев Николай өлсө да, Чынгышев Турсунбек, Жумагулов Апас жана башкалар өкмөт башчыдан түшсө дагы качан кармалабыз деп кудайдан тобо кылып жүрүшөт. Ибраимов Султан каракчылардын колунан өлтүрүлгөн. Исанов Насирдин тууралуу сөз көп, Ибраимов Жумабек ажалынан өлгөн. Отунбаева Роза Исаковна менен Жээнбеков Сооронбай Шарипович президент болушуп экс-президенттин макамын алышкан.

Булардын кимиси түрмөгө түшүп, кимисине кылмыш иши козголуп, кимдери  куугунтукталган. Көзү өткөн өкмөт башчыларын тим койолу, көзү тирүү өкмөт башчыларынын көпчүлүгү камакты көздөй жутунат экен. Камалгандардан Садыр Жапаров отуруп чыкты, Атамбаев Алмазбек ушул күнгө чейин отурат, 2020-жылы октябрда качып кеткен Исаков Сапар деген бар. Сыртынан кесилген өкмөт башчылары Курманбек Бакиев менен Үсөнов Данияр.

Сегиз өкмөт башчы караңгы үйдө отуруп, жыйырмасына кылмыш иши козголгон. СИЗОдо отуруп чыгышкандар: Жумалиев Кубанычбек, Чудинов Игор Витальевич, Бабанов Ѳмүрбек Токтогулович, Сатыбалдиев Жантѳрѳ Жолдошевич, Оторбаев Жоомарт Кайыпович, Сариев Темир Аргенбаевич, Абулгазиев Мукамбет  СИЗОдо бир өтүгү, бир өтүгүнө батпай турмуштун тарчылыгын көрүшүп, акыры бийликтин көзүн будамайлап жарыкчылыкка чыгышкан.

Репрессиядан улам бешөө камалып, ошол жерде түрмөдө өлтүрүлгөн. Раззаков Исхак, Сүйөркулов Абды, Дикамбаев Казы, Мамбетов Болот, Сүйүмбаев Ахматбек  Кыргыз ССРинин Министрлерт Советинин председателдеринен ар кандай себеп менен куугунтукталган, кээ бирлери Совминден алынып катардагы министрлик берилген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости