www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттер элди башкарбай эле, кыргыз элин ар ким чокчолоңдоп башкарып калышкан. Акаевдин учурунда зайыбы башкарса, Атамбаевдин убагында шопуру, Жээнбековдун учурунда куда-сөөктөр, андан тышкары балдары, достору башкарган учурлар кездешет. Шопур мансапта турганда каражаттар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамы саналган Икрам Илмиянов аркылуу чогултулган. Фарид Ниязов жетектеген борбордук штаб 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган деген каражаттардын тизмесин карап көрөлү. Бул маалымат Фарид Ниязовдун штабында иштеген ишенимдүү адамдан алып укук коргоочу штабга кирген-чыккан акчанын “Excel” формасындагы файлы “Фейсбуктагы” баракчага жарыяланган. Фарид Ниязовдун штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 96 175 сом иштетпегенин айтылган. Фарид Ниязовдун штабы реалдуу түрдө шайлоого 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ долларын жумшаган. Бул чоң мыйзам бузуу. Жарыяланган тизмеде штабга ондогон адамдардын канча акча төккөндүгү, аткарылган иштерге канча акча бөлүнгөнү жана президенттикке талапкердин ишенимдүү адамдарына бөлүнүп берилген суммалар көрсөтүлгөн. Алардын ичинде Туманов, Примов аттуу адамдардан да бир млн. сомдон ашык акча түшкөнү, ал эми Тайырбек Сарпашев 7 млн. 890 миң сом, Марат Аманкулов 2 млн. 260 миң сом алганы жазылган. Андан тышкары Зарылбек Рысалиев 5 миң доллар, Алексей Василивецкий 170 миң доллар, журналист Нурканбек Керимбаев сыяктуулар бар.
2016-2017-жылдардагы саясий абалга, кадрдык жүрүштөргө байланыштуу кызыктуу маалыматтар менен таанышсак. 2016-жылдагы Жогорку Кеңештин төрагасы кандай жагдайда келгендигине көз салсак. Даниянын борбору Копенгагенге «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, Текебаев жана спикер маркум Чыныбай Турсунбеков болуп барган. Ошол жерде Чыныбай Турсунбековду спикер болосуң деген сөз болгон. 2016-жылдын башынан тартып эле «премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагасы алмашат» деген сөздөр башталган. Ошол учурда «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Текебаев менен Чыныбай Турсунбековду ресторанга чакырып, Чыныбай Турсунбековду парламент төрагасы болууга чакырган. Анда «эгер сиздин төрагалык кылууга ниетиңиз болсо, биздин фракциялар колдойт» деп айтышкан. Андан бир аз өтпөй эле Өмүрбек Текебаев Чыныбай Турсунбековдун иш бөлмөсүнө келип: «Чыныбай, жакында премьер-министр Темир Сариев кызматтан кетет, анын ордуна Сооронбай Жээнбеков болот» деп айтат. Парламентте ушул сыяктуу сөздөр жүрүп жаткан, анда Асылбек Жээнбеков спикерден кетиш керек, себеби эки бир тууган эки бийликти башкарганы туура эмес болмок.
Ошондон көп өтпөй эле ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев өз иш бөлмөсүнө парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен Чыныбай Турсунбековду түштөнүүгө чакырат. Ошол жолугушууда Атамбаев буга чейин Текебаев айтып келген маселени козгоп, «Сооронбай Жээнбековду премьер-министр кылсак туура болот» деген пикирин айтат. Ошол жерден эле Асылбек Жээнбеков «андай болсо мен кызматтан кетүүгө даярмын» деп, маселе дароо чечилет.
Ал кездеги премьер-министр Темир Сариев Чыныбай Турсунбековго дайыма «эгер парламенттеги коалициянын, премьер-министрдин тагдыры башка өңүттө чечиле турган болсо, мага алдын-ала кабар берип коюңуз» деп айтып калчу. Чыныбай Турсунбеков дароо эле ошол маселени көтөрүп: «Бул жөнүндө Сариев билеби?» деп сурайт. Атамбаев кооптонуп, чоочуп кеткендей болот. Бирок Чыныбай Турсунбеков «сөз берип койгом, Сариевге айтышым керек» дейт президент көнөт. Темир Сариевге айтса, ал маселе түшүнүктүү болгонун белгилеп, кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирет.
Темир Сариев өкмөт аппараты менен жума күнү коштошуп, анан кызматтан кетерин айтат. Бирок дал ушул жума күнү Сариевдин арызы кечиккенде президенттик аппарат аябай чочулаган экен. Ал кездеги президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов Чыныбай Турсунбековго улам-улам чалып, «Сариев убадасын аткарбай, президент тынчсызданып жатканын» айткан эле. Чыныбай Турсунбеков болсо «Темир Сариев сөзүнө турган жигит» деп айтат.
Ошентип, Сариев кызматтан кетти. Андан соң парламент төрагасын шайлоо маселеси көтөрүлүп, Алмазбек Атамбаев «Кыргызстан» партиясынын лидери чүйлүк Канатбек Исаевди колдоп чыгат. Бирок анда түштүктүн кулуну Бакыт Төрөбаев да талапкерлигин койгон. Добуш берүүгө келгенде тагдырдын тамашасы менен эки талапкер тең 51 добуш алып, «ит жыгылыш» болуп калды. Мындай учурда парламент төрагасына башка адамды шайлоо боюнча маселе жаралып, кызуу оюндар башталды.
Парламенттеги Чыныбай Турсунбековду колдогон бир нече депутат «талапкерлигиңизди коюңуз» деп сунуш кыла баштайт. Ошол учурда президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Чыныбай Турсунбековго келип «жаңы эле парламент төрагасы боюнча маселени талкууладык. Мен сиздин талапкерлигиңизди «Ата Мекен» фракциясы сунуш кылсын деп талап койдум. Ошондуктан президент сиз менен жолугушканы жатат» деп айтат. Чыныбай Турсунбеков Атамбаевге барып жолуккан учурда ал «эгер спикер болгуң келсе, талапкерлигиңди «Ата Мекен» фракциясы сунуш кылсын» деген маселе койду. «Ошол эле маселеби, күтүп тургула» деп чыгып эле Ак үйдүн 7-кабатындагы Текебаевдин иш бөлмөсүнө барып, ага «мурда убада кылып келгендей, мени колдоочу учуруңар келди» дейт Чыныбай Турсунбеков. Ал «силердин фракцияңарчы» дегенде «ал жөнүндө ойлонбой эле коюңуз, маселе сиздин позицияда» десе дароо колдой турганын билдирди. Чыныбай Турсунбеков андан чыгып, өзүнүн иш бөлмөсүнө жеткенче ««Ата Мекен» фракциясы Турсунбековду парламенттин төрагалыгына сунуш кылды» деген кабар чыгып калыптыр. Анын артынан «Республика - Ата Журт» фракциясы да менин талапкерлигимди колдой турганын ачык билдирди. Ошентип, Чыныбай Турсунбековду башка фракциялар колдоп жаткан кезде СДПК гана унчукпай турду.
Ал учурда СДПКдан «спикер болом» деп чуркап жүргөндөр көп болгон. Ал эми Фарид Ниязов башында турган президенттик аппарат болсо Чыныбай Турсунбековду колдобой, мурда кылып келгендей депутаттарды чакырып, аларды колдоо деп үндөбөгөнүн фракциялаштары айтып жүрүшөт. Качан гана башка фракциялардын баары Чыныбай Турсунбековду колдоп, шайлоо болор күнү Икрамжан Илмиянов Чыныбай Турсунбековго телефон чалып, Атамбаев социал-демократ депутаттарга «Турсунбековду колдобосоңор уят болгону калдык» деп айтканын кабарлайт.
Турсунбеков спикер болушу боюнча президенттин айланасындагы шопур, анын ошол кездеги кеңешчиси Икрамжан Илмиянов негизги ролду ойногон. Дал ушул окуялардан бир топ мезгил өткөн соң кадрдык жүрүштөр тууралуу айттык. Бир караган кишиге мамлекеттин эң жогорку кызмат орундарындагы адамдар кайсы бир кыска кызыкчылыктардын негизинде алмаштырылгандай ой калтырат.
Бул эми Кыргызстанда саясат оңой нерсе эмес экенин, саясатчылар өз максатына жетүүдө өлкөнү кайсы бир жолдон өздөрү туура көргөн жолго бурууда ар кыл ыкмаларды колдонорунан кабар берет. Ошондой эле биздеги саясат дайым эле ачык талкуу же каршылашуудан эмес, куулук-шумдуктардан турарын көрсөттү.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg