www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Төрт атчандуу апокалипсис түшүрүлгөн
Согуш 2022 жылдын 1-январынан башталып (болжол туура 24 февралда согуш башталган), жаңы дүйнөлүк тартип, жаңы валюталык тармак жана жаңы энергетика ишке ашат. Дүйнөнүн бардык валютасы цифралык акчага өтөт да, газ менен мунайзатка негизделген экономика алтынчы түзүлүштөгү технологияга (ядролук синтез, жасалма интеллект) орун бошотуп берет. 
Гүлжан Шерипбаева: “Ааламды аралап атайын чыгарылган оору жүрөт”
Куралдандың –демек коргондуң

Ушул жылдын март айынан баштап көптөгөн макалаларды жаздым, ошолордун ар биринде кандайдыр бир деңгээлде планетанын жүрөгүнүн сары суусун алган коркунучтуу вирустар тууралуу сөз козголуп келатат. Бардык жазылгандар сыркоолуу элестетүүлөр же эркин трактаттар эмес. Булардын барын интернет мейкиндигинде ачык колдонсо болот.

Жазылгандардын көпчүлүгү интернет булактарында бекемделген, ошолордун негизинде менин жеке тыянактарым бар. Бүгүн мен ошолордун барын ачык текстте жалпылоону жана атайын максат менен койо берилген бинардуу бактериологиялуу курал эсептелген «коронавирус» тууралуу кенен маалымат берүүнү чечтим.

Либерализмди жок кылыш үчүн төрт атчандуу  апокалипсистин долбоору түшүрүлгөн. Мен бул тууралуу мурун эле жазгам. 2019 жылы чыккан «Экономист» деген англиялык журналдын алдыңкы бетин карагыла. Ал жерде ушул атчандар бар. Бул журнал «пландаштыргыч» катары дүйнөдө эмне болуп кетери тууралуу мурун эле эскертет. Жакшы түшүнгөн адамга төрт атчан –бул согуштун, ачарчылыктын, чума жана диктатордун элеси. Булар дүйнөгө либерализмди жок кылыш үчүн  келишет. Дагы кайталап кетейин, мунун бары дүйнөдө болуп жаткан жер шарын ядролук куралдар менен жок кылып салуу сыяктуу глобалдуу катастрофалардан алдын –алуу жана доллар менен либералдуу экономикадан сактануу үчүн.  Ошондуктан болуп жаткан жагдайлар ушундай зарылчылыктан чыккан. 

Алгач ирет согуш болот деп түшүндүрүлөт. Ал босогодо турат. Азыр согуш коркунучу күч алган (2022 жылы 23 февралдан баштап Орусия - Украина кармашы башталды).  Чума атчаны бүгүнкү күндө «коронавирусту» билдирет да, өндүрүштү токтотуу, фондулук, валюталык жана финансылык рынокту жок кылуу жолу менен либералдуу экономиканын таш –талканын чыгаруу тапшырмасы бар.  Бул бардык жерде болуп жатат. Анын аркасында атчан –ачарчылык. Бул да келди. Эгерде «коронавирустун» алдында либералдуу экономиканы жок кылыш керек болсо, ачарчылыктын алдында коюлган максат согуш жолу менен либералдуу саясий системаны талкалоо. Бул да жакында ишке ашат. Аягында төртүнчү атчан –диктатор келет. Кайталап койойун, Согуш 2022 жылдын 1-январынан башталып (болжол туура 23 февралда согуш башталган), Жаңы дүйнөлүк тартип, жаңы валюталык тармак жана жаңы энергетика ишке ашат. Дүйнөнүн бардык валютасы цифралык акчага өтөт да, газ менен мунайзатка негизделген экономика алтынчы түзүлүштөгү технологияга (ядролук синтез, жасалма интеллект) орун бошотуп берет. 

Карыз, насыя, ипотека, займдарга негизделген  адамзатка каршы экономиканын быт-чытын чыгаруу үчүн «коронавирус» атайын чыгарылган бинардуу бактериологиялык курал. Дүйнө жүзү бүт карызга оролгон, адамдар, мамлекеттер, анча –мынча байлар гана акчаларын кай жакка короторун билбей отурушат. Адамзатка каршы либералдуу экономиканы жок кылуу  «коронавирустун» башкы максаттарынын бири, бул канчалык кулакка жагымсыз угулса да. Жаңы дүйнө үчүн согуш болуп жатат.

Кимдин башына оор кайгы түшүп, азырынча бул маалыматтарга жетерлик убакыт таппай жаткандардан алдын –ала кечирим сурайм, бирок ушул маалыматтарды чечмелеп жатып, өлкөбүздө болуп жаткан ал –абалдарга туура түшүнүп, түзүлүп жаткан жексур көйгөйлөргө мамилебизди өзгөртө алабыз.

Барыбызга белгилүү болгондой аалам глобалдуу масштабдагы терең жалпы кризиске батып турат. Коркутуштун деле кереги жок учурда жер цивилизациясы  жок болуп кетүү масштабындагы планеталык катастрофанын чегинде жашап жатат.  Ядролук коркунучтар, экологиялык катастрофалар, жер кендеринен тынымсыз мунайзат менен газды казып алып, абаны булгоо, үзгүлтүксүз болуп жаткан согуштар индустриалдуу коомдун либералдуу экономикасы менен саясий жана финансылык олимпте турушуп, эбегейсиз байлыктарга ээ болушкандардын моралдык жактан бузулушунун жыйынтыгы. Адамзатына каршы экономика менен саясаттын мындан ары да ушул жол менен өнүгүшү, жер шарыбыздын жайрап калышына түрткү болот.

Ушунун барын токтотуп, дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүү үчүн, балким өзүн –өзү сактап калуунун инстинктиби кимдер дүйнөнү башкарып жатышса, ааламды өзгөртүүнүн процесстерин баштады. Бирок муну Дүйнөлүк өкмөт же жөөттөрдүн заговору экен деп ойлобоңуздар. Жок, мындай чечимдерди кабыл алып жаткандар, алардан башка тарапта турушат жана бийигирээк.

Белгилүү болгондой, экономиканы өнүктүрүү менен байып кетиштин эң натыйжалуу жолу –бул согуш. Согуштун айынан танк, учак, курал - жарак, патрон, аскердик кийим – кечектер, тамак – аш жана башка нерселер керектелип, бул жакта бизнес кылгандар үчүн эбегейсиз киреше алып келет. Биз мунун барын маалымат каражаттарынан көрүп жатабыз, көптөгөн калктар согушту өз баштары менен сезип турушат. Баңги заттардын, жаш балдарды зордуктоонун, педерастчылыктын өсүшүнө алып бараткан азыркы алешем экономикадан эмнелерди көрүп турабыз, өз каражаттарын каякка короторун билишпей ар кандай жыргалчылыкка, оюн –зоокторго коротушуп, олигарх –либералдар ядролук согуштарды чыгарууга даяр турушат.  Бул мунайзат долларын жана адамзатка каршы рынок экономикасын сактап калуу үчүн мурун эле башталган. Мына ушуларды токтотуу үчүн Үчүнчү дүйнөлүк согуш капастан чыккан. Чексиздикке созулган жырткычтыктан көрө, жырткычтыктын тезирээк аяктаганы жакшы! Бирок бул согуш ар кандай жолду тандаган гибриддүү мүнөзгө ээ, анын ичинде курал – жарак да колдонулат.

Үчүнчү дүйнөлүк согуш 2013 жылы башталганы тууралуу Рим Папасы билдирген. Буга ишенбегендер интернетти караңыздар. Кимдердин эсинде болсо бул тууралуу жазган элем, ушуну пландагандар Григориан календары менен эмес асмандын (Күн, ай жана жылдыз) циклдары менен жашайт. 2013 жылы бардык башкы окуялар башталган, алар баштаган процесстер 7 жыл ичинде же 2020 жылы аяктайт. Өзгөрүүлөрдүн  циклы ушундай.  2013 жылыг ИМ (ИГИЛ) пайда болгон, Рим Папасы алмашкан, бийликке Си Цзинпинь келип, «Бир  алкак – бир жол» долбоору жарыяланган. 2013 жылы Украинада мамлекеттик төңкөрүштүн түбү түптөлгөн. Бул окуялар бир зор долбоордун чынжырлары болуп саналат жана бул келген лидерлерге конкреттүү тапшырмалар жүктөлөт. Үчүнчү дүйнөлүк согуштун башкы максаты Экинчи дүйнөлүк согушта бүтпөй калган иштердин аягына чыгыш керек же либерализмди жок кылат. Бул өзүнчө тема.

Бардык согушта эки тарап болот, ал эмес коалицияга биригишкен учурда да. Үчүнчү дүйнөлүк согуштун башкы каршылаштары:  большевиктик - ленинчилер (кызылдар) менен либералдар (көгүштөр). Кызылдар (Си Цзиньпинь) тарапта каралар (Рим Папасы, Д. Трамп) бар. Кызылдар жана каралар көгүш –либералдарды жок кылыш керек. Ушул тапта көгүштөр деп кимди элестетебиз? Бул Клинтондор, Буш, Обама, Б. Гейтс, Сорос жана башка АКШнын олигархтары, Европанын олигархтары, дүйнөнүн бардык массондору, Орусиянын либералдары жана башкалар.

«Коронавирустан» коркуш керекпи? Медициналык жактан айтканда – жок, бул жөн гана оорулардын бири. Бирок коркунуч психологиялык жактан, бул тууралуу токтолуп кетебиз. Албетте, бул оору массалык түрдө тарап кетпеши үчүн, максимум алдын –ала чараларды көрүшүбүз керек.

Бинардык бактериологиялык курал деген эмнени түшүндүрөт "Би" – которулганда «эки» дегенди билдирет. Эмне үчүн эки, анткени бул оору денени (ген) да, экинчиден жанды (эпи –ген) да жабыркатат. Эпи-ген менен жараланбаган «коронавирус» анчалык деле чоң коркунучту туудурбайт, анткени ал башка жөнөкөй грипптерден чабалырак экен, бирок ал качан жанды (эпи- ген) жаралаган соң эң коркунучтуу куралга айланат.

Психикалык эпидемия деген коркунучтан улам цивилизациялуу кодго, ДНКга жана организмдин башка клеткаларына сокку урулат да «өзүбүздүкү - башка» деген сезимдер билинбей калып жанды жабыркатуу күч алат. Эгер «өз» – бул клеткаларга келип, алардан азыктануучу витаминдер жана пайдалуу заттар болсо, «башка» - бул зыяндуулар, вирустар жана бактериялар. Дени сак клеткалар «башкаларды» жакын жолотпойт. Качан адамзатта коркунуч пайда болгондо, анын клеткалары башка зыяндуу заттарды  кабыл алууга абдан жөндөмдүү болуп калат, ошондуктан цивилизациялуу кодду жоготуу иммунитеттин заматта түшүшүнө алып келип, сезүү мүмкүнчүлүгүнүн клеткаларын жоготот. «Коронавирустан» коркуунун кереги жок, анткени, ким бул оору менен ооруп айыкса, бул ооруга каршылык бере турган иммунитет күтөт да, экинчи жана үчүнчү толкундардан сактанууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Акыркы мезгилде көптөгөн мекендештерибиздин ушул оорудан улам көз жуумп жаткандары абдан кайгылуу жана коркунучтуу. Ушунун башкы себеби бүт дүйнөгө тарап жаткан коркунучтун психикалык эпидемиясы. Өлкөбүздүн алсыз бөлүктөрү барынан көп запкы жеп жатышат. Кантип коркпой коюуга болот, ар бир секунд сайын маалымат каражаттарынан ушул ооруга дуушар болгондор менен каза болгондордун санын айтып жатса.

Эмне үчүн наристелер оорушпайт? Анткени алар эмне болуп жатканы менен түшүнүгү жок, мээде жана жан –дүйнөдө  чоң адамдар сыяктуу коркунуч жок. Эмне үчүн Белоруста мындай катастрофалык кырдаал түзүлгөн жок. Анткени Лукашенко өз өлкөсүнө коркунуч туудурган жок. Коркунуч гана депрессия, стрессти жаратат, алар иммунитетти түшүрөт.

 Жөнөкөй адамдар эмне кылыш керек?

1. Дүрбөлөң менен коркунучту токтотуу керек. Вирустун өзүнө караганда, коркуу сезимдери иммунитетти жоготуп, адам бардык чүчкүрүүнү тез кабыл алып калат.

2. Контакт кылууну чектеп, көп кыймылдап, таза абада көбүрөөк болуш керек. Гигиенаны кармап, үйдүн жана дененин тазалыгын сактоо зарыл. Дайыма ырдагыла –бул өпкөлөрдүн жакшы иштешине шарт түзүп, дайым тазалап турат.

3. Витаминдерге бай азык –түлүктөрдү көбүрөөк колдонуп жана таза сууну көп ичиш керек.  Тамакты ашыкча жебеш керек, коркунуч суктарга көбүрөөк илелешет. Иммунитетти  көтөрө турган азык –түлүктөрдү: май, сало, пияз, чеснок, жана башка жер –жемиштерди көбүрөөк колдонуңуз.  Ата –энелер балдарына кола, фанта, спрайт, чипсы, кириешки, шаурма, бургер, конфеттер, кант, булочка сыяктуу дүкөндө жайнап турган азык –түлүктөрдү алып бербеш керек.

4. Жакындарды, тааныштарды, кошуналарды колдоп туруу аларга үмүт отун тутандырып иммунитетин көтөрүп турууга шарт түзөт.

5. Дарыгерлерге, медайымдарга, волонтерлорго жана ушундай оор шарттарда жардамдарын берип жаткандарга жалпы элдик колдоо көрсөтүү керек. Жалпы элдин духун көтөрүп, аларга ден соолук жана үмүт каалаш керек! Күчтүү дух иммунитетти көтөрөт.

Бийлик эмне кылыш керек экени тууралуу бир канча ирет жазганмын, эми кошумчалап койойун.

1. Маалыматта чагылдырылгандарды өзгөртүп, калкка үмүт, күч бере турган маалыматтарды бериш керек жана коркунуч жана дүрбөлөң түшүрө тургандардын жолун бууш керек.

2. Бардык күчтү, каражатты бир тарапка топтоп, мамлекеттин мүдөөсүнө жумшала турган чыгымдарды кыскартып, дагы боло турган толкундарга жана «коронавирустан» улам боло турган экономикалык кесепеттерге даярданыш керек.

3. Көйгөй туудурбаган көптөгөн программалар менен долбоорлорду финансылоону токтотуш керек. Ачарчылык –кезек күтүп турат.

Шайлоо тууралуу сөз боло турган болсо, азыр ар кандай сунуштар түшүп жатат, кээ бирөө токтотуш керек десе, кээ бирөө кийинкиге жылдырыш керек дешет. Маселе башкада, март айында эле жазгам шайлоо болбойт деп. Эгер бийлик шайлоо өткөзгөндү токтотпой турган болсо, учурдагы татаал кырдаал (форс – мажор) өзү эле токтотот. Менин көзүм ачык эмес, мен бардык маалымат мейкиндиктеринде белгилүү жагдайларга таянып жатам. Ошондуктан, 2020 жылдын 17 мартында мындай деп жазгам: «Бийлик, саясатчылар, анын ичинде оппозициялык, жарандык коом ушул кезде кезекте боло турган парламенттик шайлоолорго чоң күч менен камынып жатат. Биз мамлекеттик бийликте жана коомдук институттарда ушул кезде актуалдуулугун жоготкон, ал эмес коркунуч туудурган тармактардын бар экенин далилдеп беребиз, аларга тоскоолдук түзөбүз жана оюбуздун ишке ашышын улантабыз». 

Ал эми июль айында жазылган акыркы макалаларымдын биринде минтип айткам: «Түзүлүп турган азыркы саясий система алмаштырылыш керек. Бийликтин парламенттик системасы мындан ары болбойт, саясий партиялар институт катары жок болот, укук системасы менен бирдикте  бийликтин жана экономиканын либералдуу демократиялык институттары жалпысынан өзгөртүлөт. Ушундай жол менен гана биз азыр бардыгын токтотуп, жаңыны курууну баштайбыз. Ал эми шайлоону өткөрүү – бул өлгөн адамдын өмүрүн узартууга болгон аракет».

Ау, бийлик, сиздерде окуп, иликтеп, анализ кыла турган аналитиктер, эксперт дегендер барбы? Азыр дүйнөдө эмне деген процесстер болуп жатканы тууралуу сиздер билбейт окшойт деген көз караштар жаралып жатат. Коркуткум келбейт, бирок бизди алдыда мындан да оор сыноолор күтүп турат, аларга кечээ эле даярдана башташ керек эле.  Кыргызстандын бардык көзү ачыктарын бириктирсе да, жакынкы жылдары эмне болуп кетерин айта алышпайт, анткени дүйнөлүк башкаруучулардын пландарын билишпейт.  Боло турган иштердин логикасы болжогондордун логикасынан күчтүүлүк кылат. Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, БШКнын, жалпысынан бийликтин, саясий партиялардын лидерлеринин ойлогондорунун барысы боло турган нерседен өйдө болбойт. Ошондуктан боло турган нерселер бардыгын өзгөртөт, бардыгы башкача болот. Боло турган шарттар ал эмес биз болжолдобогон жакка жетелеп кетиши мүмкүн.

Гулжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Орус тилинен которулду

Последние новости