www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Совет заманында мугалимдерди өзгөчө сыйлоочу. Алар келатканда баш кийимди алып учураша турган. Чүкө ойноп атканда агай-эжейлерди көргөндө чүкөнү жыйнабай безеленип качышчу. Ошого жараша мугалимдерди да бийлик өзгөчө урмат менен мамиле кылышчу. Сталин заманында согуш болуп аскерлерге жетпей жатканда мугалимдерди ун менен камсыз кылып турушчу. Кийин эле Брежневдин заманда электрдин баасы 1 тыйындан болуп турганда мугалимдерге бекер эле. Андан тышкары отун, көмүр өкмөт тарабынан бериле турган. Эми анын бары жомок.
Акылбектин атасы Келдибек райондогу кайсы мектеп начар болсо ошол жакка жиберилип, тез эле ал мектеп алдыга чыга турган. Ал иштеген мектепти райондун «ЛСПсы» катары көрчү, ким чоң кызматтан түшсө атам иштеген мектепке жөнөтүшкөн, ал жерде иштеп туруп кийин кайра кызматтан көтөрүлүп кеткендер болуптур. Атам жалгыз жүрбөй жанына Матыев Мусакан, Абдилов Апас, Талипказиева Бүбүш сыяктуу мыкты мугалимдерди өзү менен кошо ала жүрчү. Көк-Жар, Жаңы-Жол, Төлөк мектептерине «командасын» ээрчитип барып оңдойт. Ал өткөн кылымдын 60-жылдары башкарма болуп туруп согуш илдеттери жүрөктөн алып, бир ажалдан калып, тынчыраак Кара-Суу мектебинде 20 жыл директор болуп пенсияга чыккан. Ошол Кара –Суу сегиз жылдык мектебине да Матыев Мусакан, Абдилов Апас, Талипказиева Бүбүш сыяктуу мыкты мугалимдер менен келип, тез эле сегиз жылдык мектеп 1967-жылы он жылдык мектепке айланат.
Атамдын өз оозунан уккан элем. Кара-Сууда «Төө» деп коюшчу Төрөжан деген адам бар эле. Жубайы Таалай кудай бетин көрсөтпөсүн, азыркы «обончулар» биякта эле калат, ажаан аял экен. Бир күнү ажаанданып мектепке келет. Атам кирсе шолоктоп эле ыйлап атат: «Мени тумшукка уруп ийди» деп Апас агайды көрсөтүп. Апас агай: «Кантип урайын, ушул ак мектепте» деп турат дейт. Эптеп бардыгы бүтүп Таалай кеткен соң Апас агай айтып атат дейт: «Ушунча тажатты, чын эле эл жокто тумшукка уруп жибергем» деп.
Чоң апам каза болгондо атам башкарма кези экен. Эл көп келди дейт Эсекемдин кемпири деп. Лениндик чоңчарыктар келип ража берип кетти дейт, ошондон кийин алар менен байланыш үзүлүптүр. Чертки да биздин ражада экен. 70-жылдары Тажыбек байкени ража төлөбөйсүң деп урушуп атса: «Чоңчарык деген көп эл экен, көп элден көп киши өлөт» деп, ошондон кийин черткилер бөлүнүп кеткен. Чоң апам Сүйүнгө ылдый жагы Кермакундун, тиягы Айранчынын, биягы Бекдөөлөттүн үйүнө чейин киши кирди деп, атам айтып калчу. Балдар үй жок батпай калыптыр деп, азыркы 90догу адамдарды айтып атпайбы, атам мүчөгө деген акчадан барып куран окуп койгула дегенин айта турган.
Мен бала кезде кемпир -кезек бары «Ак жолтой» деше турган. Кийин Ак жолтой деген кыз бизден кийин окуган соң ичимен чычалачумун. Баса Дүйшөкул байке көзү өткүчө «Ак жолтой» деп жүрдү. Көрсө мунун сыры бар экен. 1964-жылы мен деле башкарманын баласы катары төрөлөм. Мен төрөлгөндөн кийин атам катуу ооруп калып Фрунзеге алып кетиптир. Карой, Алкым тикесинен турду деп калчу таенем жарыктык, көрсө мен бала кезде аз эле убакыт өткөн экен. Ал кезде заман башкача болчу, азыр кишинин эч ким менен деле иши жок, ал кезде Кара-Суунун, Кара-Суунун чеке белиндеги сакалдуулар Келдибектин ден соолугун сурап Фрунзеге чейин барчу экен. Ошондо атам жакшы болуп кетип, мени кемпир-кезек ак жолтой бала болду дешип, «Ак жолтой» деп жүрүшчү тура...
Апам да Фрунзеде, жаңы төрөлгөн мен каякта экеним эсимде жок. Болжол менен Кочкордо болсом керек. Анткени, Бурул эжекем 13-14 жашар кыз үйгө келсе, үй чачык экен, он чакты бала болсо чачылбай коймок беле. Бурул эжеке үй жыйнайын деп керебеттин үстүндөгү одеялды алып ыргытат, одеялда мен жатыпмын, одеял менен кошо тоголонуп түшөм. Мен кичинекей кезде: «Сени Бурул эжеке одеял менен алып ыргытып, ошондон бир шаригиң кем болуп калган» деп ардантышчу.
Атам катуу ооруп жатканда Кара-Суу колхозуна «глассташ» Акылбек Жапаровдун «жалкоо» Жаңы -Жолун кошот. Жапаров экөөбүз классташбыз, ал кызматка келгенде эч кимди карабай калат, кызматтан түшкөндө мени алдырат же чакырат. 2010-жылы «мени актап бер» деп өзү элден качып, жашынып жүрүп Москва көчөсүндө үйүнө алдырыптыр. Экинчи жолу Атамбаевдин финансы министринен түшкөндө «Дасмияга» Элмира Кулуева экөөбүздү чакырып аябай сыйлаган. Проблемаларын бүтүрүп бергенбиз.
Жаңы-Жолду кошкон соң ооруп жаткан атам мектепке ооп, Жаңы-Жолдун башкармасын Ждановко башкарма койгон. Ошол бойдон Жданов колхозу эң начар колхоздун катарында жүрүп, кийин 90 жылдары кайра бөлүнгөн. Анткени Жаңы-Жол Кочкорго катарлаш болуп эли жалкоо болуп бүткөн. Атам Келдибек оорудан согуш илдеттери жүрөктөн алып, бир ажалдан калып, оорудан айыккан соң тынчыраак Кара-Суу мектебинде 20 жыл директор болуп пенсияга чыккан. Өзү айткандай президиумдан түшкөн жок. Математиканы да мээге куюп койчу дешет окугандар, бизди окуткан жок.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg