www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Испанияга дарыланууга кеткен Атамбаев качан кайтып келери белгисиз, бирок кайтып келери бышык. Учурунда “телохранителдерин” министрге жеткирген Атамбаев, экс-депутат Рыскелди Момбековду “телохранитель” кылып алгандай. Атамбаев 14-февралда  абактан бошотулган. Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш 2019-жылы Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышынын себептеринин бири болгон. Батукаевди качыргандыгы үчүн Атамбаев күнөөлүү, экс Башкы прокурор Аида Салянованын чыпалактай да күнөөсү жок экен. Керек болсо ошол кезде омбудсмен болуп туруп “Батукаев ооруп өлгөн жатат, чыгарбасак байкуш өлүп калат”деп тоту куштай сайрап отурган Турсунбек Акундун да опол тоодой жүгү бар. Принципиалдуу позициясы бар Салянова Башкы прокурор катары кыргыздарды “түрмөнүн түбүнө” чиритип, параша жедирип жатканда айыпкерлерди колдоочу Турсунбек Акун кайда эле? Же жердеши, карындашы нарындык бирок Нарынга батпай көчүп келген Саляновага гана болушуп, омбудсмен болуп турганда “башкалар камалса камала берсин” деген акыйкаттуу пикири бар беле? Кримавторитет Батукаевди бошоткон Башкы прокурор Аида Салянова ошол кездеги президент Атамбаевдин түз көрсөтмөсү, буйругу менен иштеген деп бул ишти уюштурганды Атамбаевге шылтоолойт. Батукаевди Атамбаев кетирдиби же Салянова бошоттубу, эптеп кеткенине алты жыл болду, анда неге уялбай “үч күндөн кийин өлүп калат экен” деп муун-жүнү бошоп ыйлап жаткан, ошол кездеги омбудсмен ошол кездеги Башкы прокурор карындашына болушуп жатат, балким анын жанына жатар мезгил жеткендир?

Сагынбаева да Саламаттыкты сактоо министри болуп туруп: “Азиз Батукаев өлгөнү калды, аны бошотбосок болбойт” –деп, медициналык бүтүм чыгартып, боштондукка чыгарган. Ал кезде президент Алмазбек Атамбаев болгон, ал эми анын экинчи аялы Раиса Атамбаева Татарстанга барып, ошол кезде ал жактын президенти Миннихановго : “ Душа моя Татарстан” -деп чыйылдаган. Чыйылдаса чыйылдай берсин, бирок ал кезде ал президенттин жубайы эле да, болгондо да Кыргызстандын президентинин жубайы эле. Анда эмне Казанга барып Татарстанды мактайт? Же Кыргызстандын президенти Атамбаевдин экинчи жубайы экенин унутуп, каны козголуп кетип татарларды мактап жибердиби? Ал бир топ саясатта ашмалтай кылган, ошонун бири бир курстан окуган курсташы Динара Сагынбаеваны Саламаттыкты сактоо министри кылган. Парламент болсо бир добуштан дүркүрөтүп кол чаап, Сагынбаеваны министрликке өткөзгөн. Сагынбаеваны эл сагынган жок, анткени ал курсташынын аркасы менен министр болгону менен тарыхта өлбөс-өчпөс иш калтырды. Нарында камакта жаткан Азиз Батукаевге “катуу оорулуу” деген медициналык бүтүм чыгартып, камактан бошотуу үчүн, катуу кам көргөн. Эмне үчүн Батукаевди бошотууга жан талашып аракет кылган? Себеби, “подружкасы” Раиса Атамбаевага жагынууга аракет кылган. Анын мындай ой-пикирине эл көнгөн эмес, анын министрликтен кетиши үчүн көпчүлүк тикесинен-тике турган. Сагынбаева Батукаевди кетиргени үчүн министрден кеткен. Бирок, “подружкасы”  аны мурдунан жетелеп, Улуттук госпиталга жетекчиликке алып барган. “ Кыңыр иш кырк жылдан кийин” дейт, азыр кыңыр иш алты жылдан кийин эле билинди, Сагынбаеванын жасалма медициналык жолдомосу, эми ачыкка чыккан. 

Эми бүгүнкү күнгө келсек Атамбаевге эртеңкиге билет сатылып алынды. Ал дароо Испанияга дарыланууга кетет. Бул тууралуу Кой-Таш айылындагы үйүндө журналисттерге интервью берип жатып Атамбаев өзү билдирди: "Испаниянын элчиси ал жакта эң мыкты дарыгерлер күтүп турганын айтты. Испанияга рахмат, билесизби, мен ал жерде болгон эмесмин, бирок, албетте, премьер-министр баштаган мындай аракеттер үчүн абдан ыраазымын. Бейтааныш адамдардын ушунчалык жардам бергени мени абдан кубандырды. Рахмат". — деди Атамбаев.

Журналистттердин “Эртең учуп кетесизби?” деген суроосуна Атамбаев: "Кудай буюрса, билеттерди сатып алышкан. Бирок, айрымдар Атамбаевден ушинтип кутулат деп ойлобосун. Мен кайтып келем", — деди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости