www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Тайып Эрдоган 6-февралда болгон жер титирөөлөрдө каза болгондордун саны 35 миң 418ге жеткенин билдирди.

Президент Эрдоган, «кылымдын апааты» деп сыпатталган жер титирөөлөрдүн күн тартиби менен өткөрүлгөн Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин билдирүүлөрдү жасады.

Жер титирөөлөр үчүн, «Дүйнөдөгү бардык эксперттердин консенсусу менен анын чоңдугу жана кыйратуучулугу өзгөчө табигый окуя катары каралууда»,-деп айткан Эрдоган каза болгондордун саны 35 миң 418ге жеткенин, 105 миң 505 киши жаракат алганын айтты.

Жаракат алгандардын 13 миң 208инин дарыланып жатканын белгилеген президент, кыйраган 19 миңден ашуун имараттын 15 миңине кийлигишүү аяктаганын билдирди.

Президент Эрдоган жер титирөө болгон аймактагы иштерге 250 миңге жакын мамлекеттик кызматкер катышканын баса белгилеп:«Биз кыйраган имараттардан акыркы жараныбызды алып чыкканга чейин ишибизди улантабыз», - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости