www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Дастан Бекешев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абактан бошотулушу боюнча комментарий берди. Парламентарий Атамбаевге каршы соттун чечими адилет, бирок коомчулук үчүн күтүүсүз болду деп эсептейт.
«Көбүнчө мурдагы досун өмүр бою эркинен ажыратуу үчүн көп убактысын, күчүн жана каражатын короткон Сооронбай Жээнбеков шок абалда болсо керек.
Чындыгында сени президент кылган адамды темир тор артына отургузуу үчүн канча мамлекеттин акчасы кеткенин элестете аласызбы? Өзгөчө 2019-жылдын 8-августунда тергөө иштерине, комиссияларды түзүүгө, УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлерине кызматтык сапарларга мамлекеттик каражат жумшалган. Бирөө өлдү, бирөө ден соолугунан ажырады, ушуну баары Атамбаев менен күрөшүү үчүн. Бир адамды каралоо үчүн канчалаган саясатчылар, депутаттар, эксперттер, ММКлар, журналисттер тартылды. Кытай менен да мамиле бузулду, мунун баары Атамбаевдин канчалык жаман жана коррупционер экенин далилдөө үчүн. Анан, тилекке каршы, мындай күрөштү мамлекеттик деңгээлде баштагандар эч кандай жоопкерчилик тартышпайт.
Бардык бойго жеткен жарандар үчүн мындай тарыхый окуялар сабак болушу керек: аң-сезимдүү тандоо жасагыла, анткени акырында шайлоочу жана шайлоого катышпаган адам гана күнөөлүү.
Алмазбек Атамбаевге ден соолук каалайм, тезирээк сакайып кетсин, акыркы акталышын, элдин ишенимин жоготпосун жана чыныгы достору болушун каалайм.
Президентке - акылмандыгы үчүн рахмат, Кемпир-Абад окуясы боюнча соттолгондор да жакында бошотулат деп ишенем», - деп жазган Бекешев.
Белгилей кетсек, кечээ, 13-февралда Жогорку соттун судьясы Кеңешбек Токтомамбетовдун төрагалыгы алдында өткөн соттук коллегия Азиз Батукаевдин иши боюнча Атамбаевдин өкүмүн жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жокко чыгарды.
Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары анын чет өлкөгө дарылануусуна уруксат берүүнү соттон суранышкан.
Булак: NazarNews.kg