www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Уйгурларга каршы чабуулдар башталды

Уйгур Масимов Назарбаевден кийин Казакстанды башкара турган адам эле, арийне анын уйгурлугу тоскоолдук кылды. Эгер казак болгондо Масимовду Назарбаев өз ордуна коюп кетмек. Деги уйгурлар Казакстанды башкарды беле? 1959 - 1962 жылы Исмаил Юсупов Казакстан БКсынын секретары болуп туруп, 1962 жылы бир мектепте окуган Кунаевдин ордуна Казакстандын Борбордук Комитетинин биринчи секретарын алат. Ошону менен уйгур Юсупов казактардын башына келет. 1964 жылы Брежнев келген соң уйгурдун эки бутун бир кончко тыккан да, кайрадан анын мектептеши Кунаевди  бул кызматка алып келген. Кунаев бул жерде узак иштеген.

 Казакстандын мурунку өкмөт башчысы Карим Масимовго өкүм чыгып, сот аны 18 жылга эркинен ажыратты. Астананын кылмыш иштери боюнча адистешкен район аралык соту Масимовго, Ануар Садыкуловго, Даулет Ергожинге, Марат Осиповго (Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасынын орун басарлары) алардын катышуусунда өкүм чыгарды. Иш "өзгөчө жашыруун" белгиси менен каралган. Масимов менен Садыкулов "Мамлекетке чыккынчылык кылуу", "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен күнөөлөнгөн.

Хрущевдин доорунда жер берүүлөр көп болгон. Крым Украинага, Казакстандын үч району Өзбекстанга кеткен. Мангышлак Түркмөнстанга кеткени калган. Бүтүндөй Чаткал районун Өзбекстан үчүн суу сактагыч куруу идеялары пайда болот. 1964 жылдын 14-октябрында  СССРдин рулуна Брежнев отурат. Ташкенде болгон кеңешмеде Брежнев Юсуповду өзүнө чакырып алып, жергиликтүү эл менен тил табыша албаганы үчүн катуу жемелейт. Брежневдин коркутуп-үркүтүүлөрүнөн соң чүнчүгөн Юсупов кызматынан бошонууга арыз жазат. Бул 1964-жылдын 7 декабры эле, деги Юсупов деген ким? Бул уйгур Динмухаммед Кунаев менен уйгур орто мектебинде төрт жыл бирге окуп мамилелери жакшы эле.

Айыл чарба техникумунун 1934 жылы бүтүрөт. Агроном, МТСка директор болуп иштеп сталиндик репрессияга кабылат. Бул жерден кутулуп кеткен соң депутаттыкка шайланат. Түштүк -Казакстан  областык суу чарбасын жетектейт. Улуу Ата Мекендик согушка катышып жарадар болот. Аны Түштүк -Казакстан областынын айыл чарба бөлүмүн жетектетет. Жеңишти ушул областын секретары болуп тосуп алат. Андан кийин Казакстандын суу чарбасын 1945 жылдан 1951 жылга чейин  алты жыл башкарат.

Ал Кустанай обкомунун экинчи секреиары болуп барып ошол жерден Хрущев менен жакындашат. 1955 жылы июнда Юсуповду Түштүк -Казакстан обкомуна биринчи секретарь кылып жөнөтүшөт. Мына так ушул жерден уйгур Юсуповдун өзбектерге жер берүүсү башталат. Биз учурда Кемпир-Абад суу сактагычыны талашып отурабыз. Юсупов аңды-дөңдү карабай үч пахта айдалуучу районду Өзбекстанга берип салган. Ошентип, Казакстандын үч району Өзбекстанга кеткени менен Юсупов эч качан мойнуна алган эмес. Негизи уйгур Юсупов ал кездеги Казакстандын биринчи секретары Кунаевдин алдына бул үч районду Өзбек ССРине берүү тууралуу маселени койгон.

Жер бергич Юсупов бул жерден да жөн калбай Мангышлак жарым аралын Түркмөнстанга  берип жибере жаздаган. Анткени, Мангышлак жарым аралында мунайзат жана газ чыгып  Хрущев бул жагынан алдыда турган Түркмөнстанга өткөзүү тууралуу пикирге келген. Баса, ушунун айнынан Өзбектерге үч район кеткен, ал РСФСР Крымды Украинага берип жиберген.

Юсуповдун Бауыржан Момышулы болгон чыр-чатагы эсте калчудай.  Ал жубайы белгилү артист Шахан Мусиндин кызы Гайникамал Баубекова менентокол алам деп чырдаша кетет. Бул кырдаал Казакстандын Жазуучулар Союзунда каралып Бауыржан Момышулына аморалдык иштери боюнча катуу сөгүш жарыялайт. Бауыржан Момышулын Юсупов чакырып алып нотация окуйт. Бауыржан Момышулы Юсупов араб тилин билбесин билип арабча жазып кетет. Ал которуп берүүсүн суранып Кунаевден өтүнөт. Кунаев окуп күлүп жиберет, себеби Бауыржан Момышулы оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жазыптыр.

Брежнев бийликке келген соң Юсупов жүзүм совхоздорунун республикалык трестинде жетектеп жүрүп 1971 жылы пенсияга чыгып, 2005 жылы көзү өтөт.

Соттун чечими боюнча Масимовдун мүлкү конфискацияланып, өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылып, 18 жылга кесилди. Ал эми орун басары Садыкуловго 16 жыл абакта отуруу чечими кабыл алынып, мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылды. Ергожинге сот 15 жыл берип, аны да мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыраткан.

Осипов үч жылга кесилип, мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылган. Масимов, Садыкулов, Ергожин жана Осипов төртөө тең генералдык наамдарынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган. Мамлекеттин пайдасына 10 миллиарддан ашык теңге жана 24 миллион доллардан ашык каражатты өндүрүү каралган. Бул жалпысынан 46 млн. долларга чамалап барды. Агенттик өкүм азырынча күчүнө кире электигин жазды.

Эскерте кетсек, былтыр жыл жаңырары менен Казакстанда башаламандык болуп, коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУдан жардам сурагандыктан тынчтыкты орнотуучу күчтөр жиберилген. Миссияга Армения, Беларусь, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын аскерлери катышкан.

Бул окуя боюнча бир нече адамга күнөө тагылган. Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов жана анын орун басары Ануар Садыкулов мамлекеттик чыккынчылык, бийликти күч менен басып алуу аракеттери, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча сот жообуна тартылып жатканы кабарланган.

Мындан тышкары, комитет төрагасынын мурдагы орун басары Ергожинге, Осиповго жана комитеттин бөлүмдөрүнүн айрым башчыларына айып тагылганын кошумчалаган. 58 жаштагы Карим Масимов Казакстандын өкмөтүн эки ирет башкарып, 2016-жылдан бери УККны жетектеп келген. Аны бийлик 6-январда кармаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

Последние новости