www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашы жете элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулукка шектелген жаран кармалды, деп билдирди бүгүн, 26-апрелде Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы.

6-февралда Сокулук районунун тургуну милицияга кайрылып, ал кошунасын 2022-жылдын декабрынан бери кызын кордоп жатат деп айыптаган.

Андан соң милиция КР Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси («Адепсиз жоруктар») боюнча кылмыш ишин козгоду. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында кылмышка 1980-жылы туулган А.М.Бнын тиешеси бар экендиги аныкталган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийинчерээк камакка алынган.

Ал кишиге кылмыш иши козголуп, иш Сокулук райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости