www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Зеленский качан качат?

Суровикин (СуроПутин) келгени Украинаны бүтүндөй бомбалоо башталды. Экстрансенс Шойгу да оозун ачып Украинаны мурун эле бомбалай бербей деп тишин кырча тиштенип калды. Зеленский каякка качуунун амалын издей баштады. Мамлекеттик Думанын Крым облусунан шайланган депутаты Михаил Шеремет Владимир Зеленскийдин саясатчы катары күндөрү саналуу экенин айтып, ага качуу тууралуу ойлонууну кеңеш кылды: "Криминалдык Киев режими мындан ары анын батыш кожоюндарына керек болбой калат, Зеленский жана анын коррупциялашкан клиби башаламандыкка учураган Украинадан качууга аргасыз болот", - деди парламентарий берген маегинде.

Буга чейин АКШ бийлиги Украинанын президенти Владимир Зеленскийди коопсуздук максатында Киевден Львовго кетүүгө үндөгөнү кабарланган. Америкалык бийликтердин кайсынысы украин лидерине борборду таштап кетүүгө кеңеш бергени тактала элек. Мындай сунуш кандай өзгөчө кооптонуулар менен байланышканы да билдирилген эмес.

Дүйнөдөгү азыркы кырдаалга жана Украинадагы окуяларга, анын ичинде атайын аскердик операцияга аныгында Орусия эмес, Батыш алып келди. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдирди.

Мамлекет башчы "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун XIX отурумунун пленардык сессиясында сүйлөдү.

"Учурда дүйнөдөгү кырдаалга жана Украинадагы окуяларга биз эмес, Батыш алып келди. Ал жактагы мамлекеттик төңкөрүшкө жана атайын аскердик операцияга биз жеткирдикпи? Жок, биз ал нерселерди жасаган жокпуз", — деди Путин.

Ошондой эле ал Түндүк Атлантика альянсы (НАТО) көптөн бери Украинанын аймагына жайгашып, ээлей баштагандыгын белгиледи.

АКШ себепкер болгон Украина каатчылыгы Европа мамлекеттерине катуу сокку урду. Кокус Кошмо Штаттарда өтчү шайлоодо республикачылар утса, Евробиримдиктин абалы ого бетер кыйындайт. Бул тууралуу Кытайдын Global Times басылмасына таянып РИА Новости жазды. "Украина каатчылыгы Батыш мамлекеттерин алсыратты. Еврозонада инфляция рекорддук көрсөткүчкө жетип, энергетикалык абал начарлап жатат", — деп айтылат макалада.

Басылма айрым эксперттер АКШда өтчү шайлоодо демократтар палатадагы көп өкүлүн жоготот деп божомолдоп жатканын жазган. Аналитиктердин айтымында, кокус Вашингтондо 8-ноябрда болчу шайлоодо республикачылар жеңишке жетсе, АКШнын Украинага болгон саясаты өзгөрүп, Киевге финансылык жардам алда канча кыскарат. "Кыш босогодо. Европа мамлекеттеринин көбү жылуулукка кабатыр. Эгер АКШ Украинага мурдагыдай жардам бербей калса, анда Европа мындан дагы оор кыйынчылыктарга дуушар болот", — деген басылма.

Белгилей кетсек, Украинага берилген жардам демократтар менен республикачылар ортосуна ого бетер жик салып, дал ушул маселеленин айынан пикир келишпестиктер ырбап жатат. Сентябрда Республикачылар партиясынын өкүлү Лорен Бойберт АКШ акча берген банкомат эмес экенин айткан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости