www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илгери Ысык-Көлдө жети аке болгон: Садыр аке, Сарт аке, Кыдыр аке, Мойт аке, Тилекмат аке, Карга аке, эми да Ысык-Көлдө жети аке бар экен: Садыр аке, Сарт акенин ордуна Алтынбек Сулайманов аке... Жалган диплому менен төрт жолу депутат болгон Алтынбек Сулайманов эр экен. «Мүйүздүү болом деп кулагынан ажырайт» болуп эми сатып алган диплому менен Ысык-Көлгө губернатор болуп кетти. Жогорку Кеңештеги «Республиканын» мүчөсү, «Бир Бол» фракциясынын жетекчиси, «Альянстын» "чоң муштуму" Алтынбек Сулайманов парламенттик шайлоодон кийин эл өкүлү болуп, андан соң көлдү карай жасалма диплому менен аттанган. Учурунда Жапаров менен Ташиевди кошоктоп туруп мурдун канжалаткан Алтыш тез эле «хамалеончо» өзгөрүлдү. Садыр Жапаровдун кол баласы катары кадырлуу киши болуп, губернаторлук кызматтан орун алды. Сулайманов ушул тапта мыкты кызмат кылганга аракет жасап, губернатор катары аны жергиликтүү кичи бийликтегилер кош колдоп тосуп алгандар дагы жок эмес. Алтыкебизди сыйлуу конок катары тосуп алган сүрөт социалдык тармакта талкууга түштү. 

Сүрөттө, кыргыздын калпак кийген мырзасы Сулаймановду Ысык-Көл облусунда сыйлуу конок катары тосуп алышкан. Тилекке каршы, Алтынбек мырзаны нан менен тосуп алган кыздардын кийген кийимдери уйгурлардын салттуу кийимине коёндой окшош. Бул көрүнүш менен жергиликтүү бийлик, жалпы кыргыз коомчулугуна түшүндүрмө берет, деген ойдобуз. 

2000-жылдары  алюминийпуруш Мамановдун шопуру болуп жүрүп эч жерден окубай туруп дипломду сатып алган, окуган адамдар ким менен бирге окуп, группалаш болгонун билишет да,сатып алган кишинин группалаштары болобу?  Кыскасы, дипломун сатып алган. Анын жасалма диплому менен депутат болгонун билишкендер эптеп парламенттен чыгып кетиши үчүн Ысык-Көлгө губернаторго кетирген. Эмне губернаторго сатып алган диплом менен иштей берсе болот бекен? Эми муну УКМК иликтесе Сулайманов губернаторлуктан да кол жууйт. Боксер Сулаймановдон тумшуктарын талкалатып жүрчү мамлекет башындагылар аны губернаторлуктан жок кылышып, бир кездеги өчтөрүн алышат окшойт. Бирок, «Бир бол» партиясын түзүп берген Досалы Эсеналиевке кайрылса дагы бир акыл табаар.

Ысык-Көлгө губернатор болгону Алтынбек Сулайманов мойнунан байланып жетеленип калды. Бир убакта тентектик кылып азыр мамлекет башында тургандардын тумшугун жара койгон Сулайманов Алтынбек. Анын муштумунун салмагы сайдын ташындай ал кездеги президент Атамбаевке каршы турган адамдарды элдин көзүнчө ыза кылганы үчүн аны Атамбаев даңазалап «Алтын бала» деп эркелетип, өз алдынча «Республикадан» бөлүп «Бир бол» партиясын түзүп берип, элиталык бийликке кошкон. Канча акча бергенин ким билет, бир Атамбаев, бир Сулайманов эле билбесе. Бирок, Атамбаевдин башына күн түшкөндө Жээнбековдун колтугуна кире качып, Атамбаевдин кол тийбестигин алып, камаш керек деп божурап чыккан. Эми тумшугун талкалатып алгандар Ысык-Көлгө губернатор кылышты. Ал    «Республикадан», «Бир болго» келгенде Мыктыбек Абдылдаев, Акылбек Жапаров, Исхак Пирматов, Кубанычбек Жумалиев деген эски көпөстөрдү топтоп алган. Бул шайлоодо «Бир болу» өтпөсүнө көзү жетип, «Альянска» өтө качкан.

 «Тентек» Сулайманов президенттин колун кысып, бетинен өөп ыраазычылыгын билдиргени элге жайылды. Бир убакта Ысык –Көл облусуна Балбаке губернатор болгондо президент Жээнбековдун колун кысып, бетинен өөп ыраазычылыгын билдирген, эми аны Алтынбек Сулайманов кайталады. Президенттин жарлыгына ылайык Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалгандан кийин өзүнүн пикирин социалдык тармакка жазып чыккан."Альянс" партиясы менен коштошуп "гүбүрнаторлук" кызматка кадам койгон Алтынбек Сулайманов.

Атамбаевдин таянычы, кийинки президенттин да ишенген адамы болгон «Бир бол» партиясын илбирстин эмблемасы менен жарыкка чыгарган Алтынбек Сулайманов болгон. Эмне экен азыркы министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ага таянып депутат болгон. Анын партиясындагы илбирсттин эмблемасын Казакстандагы эң зор партия «Нур-Отан» көчүрүп алган. Аны жетектеп турган Дарига Назарбаеваны эми бул партиядан сүрүп жатат. Андан кыйын атасы Нурсултан Назарбаев сүрүлүп баратса. Алтынбек Сулайманов «Бир болдон» мурун Бабановдун «Республика» партиясында болуп туруп Өмүрбек Бабановдун өкмөт башчысына келиши үчүн катуу кам көргөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости