www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Бектур мырза, БДК мүчөсү катары айтсаңыз, бул кыймылдын келечеги барбы же бийлик бир айласын таап тынчытып коёбу?

- Кыймылдын келечеги абдан кең. Кудай буюрса, биздин кыймылга элибизге аттын кашкасындай таанымал коомдук ишмерлер, саясатчылар, жарандык активисттер, ошону менен катар мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаган катардагы карапайым жарандар мүчө болуп кирип атышат.

Буюрса, азыркы бийликке альтернативалык сунуш айта ала турган масштабдуу кыймылга айланып калды. Бийлик балким, ар кандай шылтоолор менен бирэки мүчөсүнүн эбин табаттыр, бирок көпчүлүктү тыйып, тынчыта албайт.

- Жеке сизге бийлик тарабынан кысым болгон жокпу?

- Бийлик тарабынан мага тике эч кандай кысымды байкаганым жок. Бийлик деле туура түшүнүп аткан чыгар. Бул жагы баары ойдогудай.

- БДКнын кийинки кадамдары кандай болмокчу?

- БДК Талас жергесине барганда резолюция кабыл алганбыз. Болгон сунуштарды айттык. Бийлик бүгүнкү күндө эбегейсиз түрдө саясый кризиске дуушар болуп жатат. Муну элдин баары түшүнүп, көрүп турат. 2005-2009-2010-жылдардагыдай саясый, экономикалык, социалдык кризистер бизди тооруп калды. Биз ушу каатчылыктардан чыгуу жөнүндө бийликке алдын ала сунуштарды айттык. Ар бир токтолгон маселелер боюнча август айынын аяк чендеринде пикирлерибизди дагы толуктайбыз.

Бийлик менен биргеликте каатчылыктан чыгып кетүү жолдорун издеп, ага сунушубузду айтып-дейбиз, конструктивдүү сындарыбыз да болот. Буга бийликтегилер “жок” дебесе керек. Антпесек акыбалыбыз күн сайын эмес, саат сайын оорлошууда. Ийри отуруп түз кеңешип, мамлекетти өнүгүү жолуна салууга ак ниеттен салымыбызды кошууга даярбыз!

Булак: Азия News гезити

Последние новости