www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык бизнесмен Илон Маск баңгизат менен соттолгондордун баарын түрмөдөн бошотууну сунуштады. Мындай билдирүүнү ал 4-августта YouTube Full Send Podcast каналына берген маегинде АКШ президенти Жо Байдендин Орусияда 9 жылга эркинен ажыратылган баскетболчу Бритни Грайнерди бошотуу боюнча жигердүү ишинин фонунда билдирди.

Ошону менен бирге ал адамдарды зордук-зомбулуксуз жоруктарды жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга болбойт деди.

Ал ортодо АКШ президентинин басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер 5-августта Орусия менен туткундарды алмашуу Кошмо Штаттары үчүн приоритет экенин билдирди.

Байден ошол эле күнү баскетболчу Бритни Грайнердин АКШга кайтып келишине үмүттөнөрүн айтты. Ал Вашингтон аны алмашуу боюнча жигердүү иштеп жатат деп ишендирди.

Бир күн мурун Орусиянын Химки шаардык соту баскетболчу Грайнерди баңгизат аткезчилиги үчүн 9 жылга түзөтүү колониясына жана 1 миллион рубль айыппулга кескен.

АКШнын улуттук курама командасынын баскетбол боюнча эки жолку Олимпиада чемпиону Грайнер февраль айында Шереметьево аэропортунда бажы кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын жанынан электрондук тамекинин кара куурайдын майы менен толтурулган картриждери табылган. 7-июлда спортчу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, кылмыш жасоого ниети жок экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости