www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евробиримдиктин Орусиядан көмүр сатып алуу эмбаргосу энергетикалык кризиске карабастан ушул жылдын 10-августунда күчүнө кирет жана ЕБдин бардык өлкөлөрү ага баш ийиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Брюсселде өткөн брифингде Еврокомиссиянын расмий өкүлү Эрик Мамер билдирди.
Орус көмүрүн жеткирүүгө эмбарго Орусия Федерациясына каршы санкциялардын бешинчи пакетинин бир бөлүгү болуп саналат.
Эрик Мамердин айтымында, 10-августта сатып алууга уруксат берилген өткөөл мезгил аяктайт. Ал Еврокомиссиянын атынан Евробиримдиктин бардык өлкөлөрү эмбаргону аткарарына ишеним билдирди.
Еврокомиссиянын өкүлү Орусиянын Украинага басып кириши Евробиримдиктин жашыл энергетикага өтүүсүнө шарт түзөт деп эсептейт, анткени Евробиримдиктин өлкөлөрү орусиялык углеводород күйүүчү майлары менен бирге казылып алынган энергия булактарынан баш тартып жатышат.
«ЕБ өлкөлөрү эми көмүрдү энергетикалык баланстагы тартыштыкты жабуу үчүн гана колдоно алышат», - деп кошумчалады Эрик Мамер.
Орусиянын көмүрүн ЕБге жеткирүүгө тыюу салууда «2022-жылдын августунан тарта көмүр жана башка катуу отундарды, эгерде алар Орусияда өндүрүлгөн же Орусиядан экспорттолсо, сатып алууга, импорттоого же ЕБге берүүгө тыюу салуу» каралган.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын жетинчи пакетин жактырган.
Ал ошондой эле Орусиядан алтынга тыюу салуу, жаңы экспорттук көзөмөл жана Сбербанктын активдерин тоңдурууну камтыды. Ошондой эле, тизмеге 48 адам, анын ичинде орус өкмөтүнүн вице-премьер-министрлеринин бири жана бир нече аймактык жетекчилер кирди.
Булак: NazarNews.kg