www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлыктар үчүн Ат-Башыга логистикалык борбор куруу үчүн тендер кайра кайталанып жүргүзүлө турган болду. Мындай борбор куруу боюнча 2021-жылдын 4-июнунда тендер жарыяланып, эки этапта өтмөк. Анын экинчи этабы болбой калган. Биринчи этаптан өткөн катышуучу тиешелүү документтер менен тендердик сунуштарды убагында өткөрө алган эмес. Эми минкаб төрагасы Жапаровдун чечими менен кайрадан тендер жүргүзүлөт.

Деги «ШОС» аркылуу дос Кытай чек арасына логистикалык борбор курсак Крымдын «таз кейпин» кийип калбайбызбы?

Кеп Салымбековдун коронавируска каршы Кытайга 50 миң бет кап бергенинде эмес, кеп эмнеге «Хоргостон» улам «Дордой» өз таасиринен ажырап бартканында.  Дүйнөлүк эки держава «ШОСко» эки башка пикирде карайт. Москва Бээжинге коюн-колтугун ачпай, «ШОСтун» НАТО сымал стратегиялык аскердик-согуштук уюм болушун самайт. Бээжин «ШОС» менен уюмга киргендер акыры Евробиримдик сыяктуу чек араларын кенен ачкан, экономикалык, соода-сатык уюм болушун тилейт.

«ШОСко» мүчө болгон постсоветтик мамлекеттерде дагы бир уюм бар. Ал Евразиялык экономикалык биримдик (ЕврАзЭС). ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттер кытайлыктар менен өтө жакындашуудан кооптонуп турат. Кытай бийлигинде бүгүн бизге санаалаш киши отурат. Кокус АКШдан титиреп чоочуп турган Кытайда бийлик башына башка адам келип калса эмне болот?

Казакстандын чек аралары тарапта Чүй облусу тарабынан курулган логистикалык борборлор өз жемиштерин берип жатат. Бул бүгүнкү күндүн талабы. Логистикалык борбордон мурун биз Шанхай кызматташтык уюмун (ШОС) стратегиялык аскердик-согуштук уюм катары карап, чек араларды ачып жалжайбашыбыз керек. Ал эми экономика баарыбызга керек. Жаманбы-жакшыбы, Кытайдан товарлар келип турбаса да болбойт.

Логистикалык борборлор товарлардын келип турушуна шартталган. Мурун биздин «Дордой» базары дүйнөлүк экономика менен тыгыз байланышта болуп, Кытайдан товарларды алып, башка мамлекеттерге сатып турчу. Орусиядан мурун, КМШда биринчи болуп Кыргызстан 1998-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) мүчө болгон. Ал уюмга киргенден кийин көптөгөн ата-мекендик өндүрүүчүлөрүбүз Кытайдын товарларына туруштук бере албай, банкротко учурап, баштан экономикалык кыйынчылыктарды кечирди.

Мамлекетибиз импортко көмүлүп, жумушсуздуктун айынан канчалаган жараныбыз түрдүү иштер менен алек болду. Көпчүлүгүн "Дордой" базары сактап калды. Бирок ЕврАзЭСке же Бажы биримдигине өткөн соң Казакстан «Дордойдун» жолун бууп, өздөрүнүн «Хоргосунун» дарбазасын кенен ачкан. Логистикалык борборду салдыруу учурдун талабы. Логистикалык борбор керек. Эми да эгерде логистикалык борбор салынбай калса, анда кытай соодагерлери айланып, казак туугандар аркылуу дүйнөгө чыгып кете берет. Биз анда экономикалык блокадада кала беребиз.

Ат-Башы алты ай суук, жумушчулар жашаганга ылайыксыз, көптөгөн жылуу тамдарды салыш керек, электроэнергия жетишсиз, индустрия кесибинде иштегендер жок, тыштан баргандарга квартиралар да жок, цивилизациядан алыс, темир жол да жок. Ошондуктан Ат-Башыга «перевалочный база» курса болот. Кытай фуралары жүгүн ошол жерден түшүрүп кайра артка кете бергенге. Андан бери жүктү кыргыз фуралары ташыса, жумуш орундары да көбөйөт. Кытайлыктар оор жүк ташуучу унаалары менен биздин жолдору аяшпай, тамтыгын чыгарып кетип жатат.

Кыргызстанга логистикалык борбор куруу - бүгүнкү күндүн талабы. Бирок кандай логистикалык борбор куруу керек деген маселе да бар. Бул долбоорго 280 млн АКШ долларын салып жаткан инвестор «Нарын» эркин экономикалык аймагынын субъекти болуп эсептелет, андыктан ал тиешелүү мыйзамдын негизинде иш алып барам деп чамгарактап жатат. Кыргызстанга башка өлкөнүн каражатына эмес, өзүбүздүн каражатка курула турган логистикалык борбор керек.

Кытай компаниясынын жетекчиси куруп берем деген логистикалык борборду Кыргызстандын бизнесмендери деле кура алат. Бул долбоорду ишке ашырууга бизнесмендер эле эмес, бир эле чиновниктин кудурети жетет деп ойлойм. Ошон үчүн кытайларга жөнү жок карыз боло бербей эле өзүбүз деле куруунун жолун тапсак болот. Бир кытай ишкер Ат-Башынын талаасына акчасын неге сапырат? Башка акча салып иштете турчу жер калбай калыптырбы? Же чындап ошончо пайдалуу долбоор болсо эмнеге Кытайдан башкасы инвестиция кылбайт?

Башкасын кой, аркандын аркы учунда акча болсо нарындык байлар чогулуп же бири насыя ала коюп салып коймок да. Демек пайдасы жок. Кытайдын го максаты да, пайдасы да билинип турат, эптеп шаарча салып «china town» (чайна таун) кылгысы бар, бир Нарын элинчелик кытайды тез эле батырып коюшат аларың. Кыргызды жолотпойт, жолойм деген күнү да ал жерден өзүң качасың, курт-кумурска жегендер менен ким коңшу болуп жашагысы келсин?

Убакыт өтөт, шаарча курулат, ал жер чет элдиктерге толот. Бара-бара биздин малчылардын малы жоголо баштайт, эшегинен бери. Анысы аз келгенсип, келгиндер ылдыйкы айылдын кыздарына көз арта башташат. Эл дүрбүйт, шаарчага барып, ал жерде тургандарга кол салат. Анан кошуна мамлекеттин өкмөтү элин коргобой эмне болуптур? Чет элдиктер толуп кеткен Ат-Башынын Крым кейпин кийбешине ким кепилдик бере алат? Келечекти да ойлош керек, же эмне Кыргызстан үчүн башка кошуналар туруп береби? Керек болсо , эң жакын кошуналар деле баштарын төө куштай болуп чөлгө катат.

Экинчи жагы да бар - коркунучтуу жагы. Кытайдын байыркы акылмандары - эң мыкты колбашчы он согуштун оноону тең жеңген эмес, бирөөнү согушпай жеңген колбашчы деген экен. Анын сыңарындай, булардын тыңчылары жер-жерлерде катуу иштеп аткандай сезилет. Азыр психологиялык жактан даярдалып жаткандайбыз. Кийин алар кирип келсе, ансыз деле келмек деп туруп берээрибиз эле калат.

Кыскасы, аларга себеп бербешибиз керек, эл шайлаган бийлик эл менен, эл дагы провокацияларга алдырып ашыкча ашып-ташпашы керек. Андан көрө тытынып иштеп, Кытайдан карыз албай, Кытайга жерлерди иштет деп берип салбай, Кытай менен коңшу өлкө катары дипломатиялык алака түзүп, соода-сатыгыбызды кылып, түз мамиледе болгонубуз оң.

Ат-башылыктар жайыт калбай калды дейт. 200 гектар жер Ат-Башыдан Торугартка чейин жатат, жер кенен эле, логистикалык борбор менен Индустриялык зонаны Балыкчы шаарынын Кочкор тарабындагы ээн жерге деле салса болот. Индустияалдык зонага мыкты шарт түзүп, экспорттук максаты бар Кытайдын ТНК (транснационалдык) компанияларын келтириш керек. Балыкчы «тогуз жолдун тоому», өнөр-жай жумушчулары көп, сырттан да көп жумушчулар келмек, темир жол бар, электроэнергия жетиштүү.

Бир талап коюшубуз керек. Эгерде Кытай тарап кура турган болсо, Кытайдын жумушчуларына виза берип иштетпей, өзүбүздүн жумушчуларды иштетсек туура болмок. Иши жок кыргызстандыктар кытайлыктардан кем эмес иштейт. Бул жерде эл аралык дипломатияны колдонуп, Кыргызстан - чакан мамлекет, биздин эл жумушу жок Орусияга, Европага чыгып кетип, кыйналууда. Ошондуктан куруу ишин кыргыз жумушчулар кылсын, кытай адистерин биртке мөөнөткө бергиле, кыргыз адистери бат эле үйрөнөт дегенге көндүрүү керек.

Мөөнөтү бүткөндөн кийин Кытай адистерин чыгарып кетсе эл да ыраазы, кыргыз жумушчулар да иш менен камсыз болот. Логистикалык борбор бүткөн соң кой багып, уй багып жүрө бербей 15 миң иш оруну болот. Он миң иш орун дейличи, орточо эсептегенде 15 миң сом айлык акысы менен, ошондо эле ай сайын 150 млн сом бөлүнөт экен. Бул жаман эмес да. 17 жылдан бери ушул аймакка борбор курулат деген сөз болуп келүүдө, бирок азыркыга чейин бул сөз ишке ашырыла элек. Болбосо өлкөгө олуттуу пайда алып келет эле.

Логистикалык борбордун салынышы менен республиканын ар бир аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жакшырат. Логистикалык борбор куруу - аймактардын өнүгүшүнө, инвестиция тартууга, өндүрүш түзүүгө, транспорттук инфраструктураны оңдоого, туризм жана санаториялык чөйрөнү жакшыртууга түрткү болмок. Бирок өлкөбүздөгү кырдаалды эске алганда, кыргыз мамлекети мындай ири долбоорлорду Кытай менен ишке ашырууга жана Кыргызстандын пайдасына иштетүүгө даяр эмес. Анын бир канча себеби бар:

Биринчиси - мамлекетибизде долбоорду ишке ашырууда толук жоопкерчиликти бир адам мойнуна алыш керек. Азыр андай жоопкерчиликти эч ким албайт, алгысы да келбейт.

Экинчиси - кытай тилин билген инженер, куруучу, баалоочу жана башка адистер жетишпейт. Ал турсун аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин мамлекеттик кызматкерлер иштеп чыга албагандыктан, жеке секторлорго кайрылып, кымбат баага түздүрөт. Ал долбоор узак мөөнөттү камтыгандыктан, мамлекеттик кызматтагы адистер өзүлөрү иштеп чыгуусу зарыл. Себеби - долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин кымбат баага түзүп берген адистер дароо акчасын алат да, ошол бойдон жок болот.

Үчүнчүсү - Ат-Башыга курула турган логистикалык борбордун пайдасынан зыяны көп, бул тууралуу көп айтылды. Логистикалык борбор курабыз деп, ата-мекендик өндүрүшчүлөрүбүздү, рыногубузду жоготуп алышыбыз да мүмкүн. Себеби, Кыргызстанда майда өндүрүш маселеси бар, алардын экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Эң өкүнүчтүүсү - Финансы министрлиги логистикалык борборду куруунун негизги максаты: “Чет өлкөдөн келген импорт товарларды ылдам жана тез арада бажы процедураларынан өткөрүү инфраструктурасын жолго салуу» - дейт. Демек, анын айтканына таянсак, мамлекет Кыргызстандын рыногун кытай товарлары басып кетүүсүнө өбөлгө түзүп жаткандай иш башталганын каңкуулайт.  

Негизи, мамлекеттеги контрабандалык системаларды да эске алсак ашыкча болбойт. Кыргыз эли логистикалык борбордон дале кооптонуп турат. Логистикалык борбор аркылуу Кыргызстандагы болгон кен байлыктарыбызды контрабандалык жол менен тарттырып жибербейли деп кооптонот. Себеби, Кыргызстанда 2000ден ашык кен казуу боюнча лицензиянын көпчүлүгү кытай компанияларына өтүп кеткен. Ошондуктан, мамлекетке инвестиция тартуу керек десе, инвестор аттуунун баарын киргизе бербей, алгач инвестордун пайда-зыянын талдап, алдыңкы технологияларга ээ болгонун жана тажрыйбасын эл менен бөлүшө ала турганын гана Кыргызстанга киргизишибиз керек.

Калкынын саны бир жарым миллиардка чукулдап калган Кытайдын саясаты элинин санын кыскартуу болгону баарыбызга маалым. Адегенде бир үй-бүлөдө - бир бала саясатын бычып көрүштү, болгон жок, анткени, көбү кыз бала каалабай боюнда бар кезинде алдырып, эркек болсо калтырып жатып, эркектердин үлүшү көбөйө баштады. Алардын бул саясаты гендердик теңчиликке да залакасын тийгизди. Айла жоктон эки балага уруксат беришти.

Эми бул темп менен кете берсе жакын арада калкынын саны эки миллиардга чыгат дегендик. Кытай үчүн эң чоң маселе элинин санынын көптүгү болуп калды. Элин кырып сала албайт, акылга туура келгени элин «экспорттош» керек. Ички маселесин тышкы саясат менен чечүүдөн башка жолу жок көрүнөт. Акыркы жылдары дүйнөнүн булуң-бурчуна инвестиция салып, акырындык менен элин сыртка чыгарып жатат. Ал тургай чет жерде бизнес кылган же кыла турчу жарандарына сүтсүз насыя берилет деген имиштер да бар. Мунусуна да мейли, алар деле маселесин чечип алайын деп жүрөт чыгар. Биз Кытайга теңеше албайбыз, биз эмес АКШ чоочуп турат.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ат-Башы районунун эли менен жолугуп, аймакка соода-логистикалык борбор куруу боюнча маселени талкуулаган. Жапаров долбоорду ишке ашырууга ар кайсы өлкөлөрдүн инвесторлору каражат салууга даяр экенин жана бул жерде көптөгөн товар чыгара турган өнөр жай, текстиль жана башка ишканалар ачылаарын белгилеп, жаңы тендер өткөрүү үчүн жарыя кылынды. .

"Инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдө биринчи кезекте жергиликтүү элдин пикири эске алынат. Мына ошондуктан сиздер менен кеңешкени келдим. Эгер таптакыр эле каршы чыга турган болсоңуздар анда соода-логистикалык борборду башка аймакка куруу маселеси каралышы мүмкүн", — деген президент.

Ал, ошондой эле, соода-логистикалык борбордун курулушу менен 30 миңге чейин жаңы жумуш ордун түзүү мүмкүнчүлүгү жаралып, бул учурда дотациядагы аймак болуп саналган Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзүлөөрүн кошумчалаган. Ал эми район тургундары жер бөлүп берүү маселесин өз убагында чече албаган жергиликтүү бийликтин натыйжасыз ишинен улам буга чейин аталган долбоорду ишке ашырууга каршы чыгып келгенин белгилеген. Жергиликтүү эл, жалпысынан, индустриалдык соода-логистикалык борбордун курулушун колдой турганын билдирип, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын айткан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости