www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирактан кайтарылган кыргызстандык балдардын эң кичүүсү 3, улуусу 18 жашта. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда, Бишкекте Ирак менен Сириядан Борбор Азия өлкөлөрүнө кайтарылгандардын реабилитация жана реинтеграция маселеси талкууланган жыйында маалым болду.
«Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен быйыл жазында Кыргызстан 79 баласын кайтарып алганы маалымдалган.
Бүгүн белгилүү болгондой, балдар Ирактын борбору Багдад шаарындагы атайын абак жайларында энелеринин жанында болчу, 79 баланын 37си Ирак, Сирия жана Түркия өлкөлөрүндө төрөлгөн.
Эки баланын туугандары Токмок шаарында, калган 77синин жакындары Ош (51), Жалал-Абад (17) жана Баткен (9) облустарында экени аныкталган. Кайтарылгандардын 39у эркек, 40ы кыз бала.
Өкмөт алар менен дарыгерлер, психологдор жана социалдык кызматкерлер иштеп жатканын, документтери бүткөндө туугандарына өткөрүп берилээрин билдирген. Бүгүнкү жыйында балдар бакчага жана мектепке барып, коомго аралашуу этабынан өтүп жатканы айтылды.
Жыйынга башка Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да катышты. Анда айтылгандай, Сирия менен Иракка чет өлкөлүк согушкер-террорчу катары аймактан жалпысынан 4 миңдей адам кеткен. Натыйжада эркектеринин көбү ошол жакта каза болуп, аялдары жана балдары же качкындар лагерине, же абакка түшүп калган.
Сирия жана Ирактан Казакстан 600дөн ашуун, Өзбекстан 200дөй жаранын (аялдар жана балдар), Тажикстан Ирактан 84 баласын кайтарган.
2021-жылдын 1-февралындагы маалыматка караганда, Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде репатриация күтүп жаткан балдардын саны 27 жарым миңдин тегерегинде.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, алардын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылат.
Булак: NazarNews.kg