www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Майрам алдында Жапаров оозун жалаяктай кылып, «братишкасы» Мишустинге жагынып майрамы менен куттуктап жүрөт. Балким Мишустинге көрүнүп алайын дегениби? Бул парламенттин жыйынында Жапаров Мишустин тууралуу сөз кылып, эки-үч мектептин акчасын карызка сурай турганы тууралуу билдирди. Жапаров Мишустин бергендерди кокосуна тыгып, өлкө кымбатчылыкка баратат. Жогорку Кеңештин жыйынында, Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдоо, эмгек мигранттарынын чет жерлердеги абалы, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү жагдай, ошондой эле депутаттар көтөргөн социалдык-экономикалык маселелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин маалыматы угулду. Жыйында аталган маселе боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат берген.
Ал өз сөзүндө Кыргызстандын жети миллионунчу жаранынын жарык дүйнөгө келишин сүйүнчүлөп, келечекте турак-жай маселесин чечүүнүн актуалдуулугун белгиледи. «Жети миллионунчу жараныбыз 18ге чыкканда 2040-жыл болот экен. Ошондо биздин Кыргызстан кандай өлкө болот? Биз балдарыбыздын келечегин ойлосок, бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырбашыбыз керек. Дүйнөлүк тартип өтө тездик менен өзгөрүп жатат. Азыр таасир этүү чөйрөсү, эл аралык нормалар түп-тамырынан кайра каралуу коркунучуу жаралууда. Глобалдуу дүйнөдө бардык жүрүп жаткан кырдаалдарга адекваттуу жооп кайтарып, чараларды көрүп турушубуз керек», - деди А.Жапаров.
Муну менен катар Министрлер кабинетинин төрагасы чек ара маселелерин чечүү зарылчылыгына токтолуп: «Жоопкерчиликти өзүбүзгө алып, чек ара маселелерине чекит коюшубуз керек», - деп кошумчалады. Ошондой эле А.Жапаров Тажикстандын куралдуу агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берди. «136 миңден ашык жараныбыз жер которууга мажбур болду. 63 жараныбыз ок атышуудан, 12 адам жол кырсыгынан каза болду, 206 адам жаракат алды. Материалдык жактан 661 турак үй жабыркаган, анын ичинен 423 үй талкаланып, 11 административдик стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоого тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа, 1 көпүрө жарабай калды. Жарандык коргонуу комиссиясынын берген аныктамасы боюнча 3 млрд 130 млн сомдук материалдык зыян келтирилген», - деди Акылбек Жапаров.
Жыйын суроо-жооп иретинде болду. Жакында Минкаб Жапаров менен жолугушуу учурунда Орусиянын премьери Михаил Мишустин бул жолугушуулар Батышка жакпасын, бирок евразиялык интеграцияны көтөрүү керектигин, азыркы абалга президент Путин баа берип жатканын баса белгиледи. Жапаров жакшы көрүнгүсү келип Мишустинге жагынганы менен Орусиянын оюу Кыргызстан да аларды колдошу керектиги билинип турат. Орусиянын экономикасы биздин экономикабызга чоң таасир этери чындык. Мишустинге жагынган Жапаров Кыргызстанды качан алга жылдырат?
Былтыр Жапаров Ереванга барып «эрогендүү» кептерин жаадырып келди. Жапаров жарпы жазыла: «Биз «кедей» мамлекет синдромун жок кылабыз» -деп адатынча мактанып алды. Кантип жок кылат жолун айткан жок. Же эмне Жапаров үйүндө экзотикалык тамак ичсе эле Кыргызстан «кедей» мамлекет синдромунан чыгып калат бекен? Бул сөзү Орусия премьери Мишустинге жакпай калса керек. Булар сүрөткө түшөр алдында Мишустин маскаларды эл көзүнчө тагынып алууну сунуштады. Анын сөзүнө какылдаган Жапаров «Маска тагынууга милдеттүү эместигибиз айтылган» -деп мойнун кайырды эле, Мишустин «Көп сөз бок сөз, тагыныңыз» -деп ачуулуу көзү менен Жапаровду караганы, Жапаровдун «кедей» эмес өлкөнүн өкмөт башчысына карагандай көз караш болгон жок. Өкмөт башчысынын да өзүнүн этикасы болот, же «кедей» синдромунда турган Кыргызстан Жапаровдун айынан Орусия менен кер-мур айтышып, каякты карап жалдырап калабыз?
Ыргыштап бараткан Жапаровдун кулагы жапырылып, эмнегедир бир нерсенин жытын искегенсип, кайсалаңдап турат. Учурда Акылбек Жапаров кемеге «катастрофа» болорун алдын-ала сезген келемишке окшоп чайналып тургандай. Трайбалист Жапаров 30 пайыз кыскартууларды жүргүзүүнү демилгелеп, буларга Бишкекте суутуп коюптурбу деп түштүктүн элине билгизбей кысым жасай баштаган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg