www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик Орусияга "Шахид-136" учкучсуз ракеталарын берип жатканы үчүн Иранга санкция киргизүүнү көздөөдө. Орусиянын Куралдуу күчтөрү бул дрондорду Украинаны аткылоого колдонуп жатышканы айтылат.

Санкция тууралуу 19-октябрда түзүлгөн макулдашуу 20-октябрда Евробиримдиктин Брюсселдеги саммитинде бекитилиши керек.

Reuters маалымдагандай, санкцияга Ирандын үч генералы, анын ичинде Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генералы Саид Агхаяни да бар. Аны мурдараак АКШ "кара тизмеге" киргизген, генерал согуштук учкучсуз авиацияны өнүктүрүү программасына жооптуу.

Санкцияга дрондорду чыгаруучу Shahed Aviation Industries корпорациясы да кирди.

Тегеран менен Москва Ирандын дрондору Украинадагы согушта колдонулуп жатканын моюнга алган эмес. Украинага чабуул жасалып жаткан учкучсуз дрондор "Герань-2" деп аталганы менен, адистер ал Иранда чыгарылган дрондор экенин бекемдешкен.

Киев Иранды Орусияга ракета бергени үчүн айыптап, ирандык элчинин Украинадагы аккредитациясын алып койгон. Тышкы иштер министрлиги Иран менен дипломаттык мамилени үзүүнү сунуштоодо.

Reuters 18-октябрда өз булактарына таянып, Иран Орусияга учкучсуз жана баллистикалык ракеталарды берүүгө даяр экенин жазган.

 

Последние новости