www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы мезгилде ааламды каптап, бирок Ала-Тоого жете элек бир тенденция бар. Кыргызстанга деле келет го, анткени ааламда эмне жаңылык болсо келип жатпайбы. Эски СССРге маалим Алла Пугачева жана Максим Галкин жаш айырмасы алардын ортосунда  27 жаш. Алла Борисовнанын ырчы Филипп Киркоров менен үйлөнүү тою болгон учурда ырчынын паспортунда штамптарга орун жок болчу. Баса, жылдыздын жаш күйөөлөрүнүн кыска тизмеси аны менен башталган. Ал эми Примадоннанын жашоосунда чындап эле көп эркектер болгон. Музыкалык мектепти аяктагандан кийин, тагдыр аны биринчи күйөөсү Миколас Орбакаска алып келген, андан 1971-жылы Кристина аттуу кызды төрөйт. Ошол эле жылы түгөйлөр ажырашып, бирок жакшы дос бойдон калышкан.

Александр Стефанович — ленинграддык директор. Стефанович менен ажырашканга чейин эле ырчы Евгений Болдинди сүйүп калып, ага турмушка чыгып, 1993-жылга чейин жашаган. Ажырашкандан кийин дээрлик дароо эле Алла Пугачева Филипп Киркоровго турмушка чыккан. Жылдыздардын жаш айырмасы 18 жаш. Бирок, биз азыр билгендей, бул примадонна үчүн чек эмес.

Киркоров менен ажырашуунун себеби Максим Галкин болгон. Жубайлар 2003-жылдын сентябрь айында баш кошушкан Алла Борисовнанын күйөрмандары бул кабарга таң калышкан. Жылдыздар учурда эки баланын ата-энеси. Албетте, ырчы Лиза менен Гаррини өз алдынча төрөгөн эмес - ага суррогат эне жардам берген.

27 жаш кеп бекен Надежда Бабкина менен Евгений Гордун ортосунда жаш айырмасы - 31 жаш. Жалындуу жана туруктуу ырчыга ашык болуп калбай коюуга болобу? Анын жашы эки эсеге чоң экенине маани бербе! Кыязы, Надежда Бабкинанын уулунан беш жаш кичүү ырчы Евгений Гор ушундай чечимге келди окшойт. Бирок, өз ара сүйүүгө карабастан, жубайлардын мамилеси идеалдуу деп атоого болбойт: артист менен ырчы бир нече жолу ажырашып, бирок акыры сүйүү жеңип чыккан. Алар 2004-жылдан бери чогуу!

Лариса Копенкина жана Прохор Чаляпиндин ортосундагы жаш айырмасы Алла Пугачевадан ашат, бирок Надежда Бабкинага жетпейт. Жылдыздардын жетилген айымдар менен болгон мамилеси темасын эске алганда, сүйүктүү артист Прохор Чаляпиндин атын эстебей коюуга болбойт. Анын арсеналында 50 жаштан ашкан аялдар менен бир нече романдары бар. Бул биздин тизмедеги аягы жагымсыз аяктаган жалгыз окуя. 2013-жылы декабрда 30 жаштагы ырчы Прохор Чаляпин 57 жаштагы ишкер айым Лариса Копенкинага үйлөнгөн. Жаш айырмасы чоң жылдыздын бул баш кошуусу тууралуу бүтүндөй шоу-бизнес кызуу талкууга алган.

Бирок, жаштар көпкө бактылуу экенин көрсөткөн жок: дээрлик бир жыл өткөндөн кийин, модель Анна Калашникова Прохордон кош бойлуу экени ачыкка чыкты. Жыйынтыгында узакка созулган ажырашуу процесси башталып, Прохор Копенкина менен никеси жөн гана келишим экенин моюнга алган. 

2016-жылы модель Анна Калашниковадан төрөлгөн Даниил Прохордун биологиялык уулу эмес экени белгилүү болгон. Кийинчерээк, 2021-жылы, жылдыздын жашоосунда кайрадан чоң окуя болгон: ал Татьяна Дэвиске үйлөнгөн, аны менен жаш айырмасы да чоң болгон. Үйлөнүү тою болгон учурда Прохор 37 жашта, аялы 47 жашта болчу. Тилекке каршы, аял үйлөнүү тойдон кийин үч айга жетпей каза болгон.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости