www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 G7 кезектеги баллистикалык ракеталарды аткандыгы үчүн Түндүк Кореяны айыптады.

Алардын билдирүүсүндө "Түндүк Кореянын бул аракети БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына каршы келип, аймактык коопсуздукка жана тынчтыкка шек келтирип жаткандыгы" айтылат. Япониянын тышкы иштер министри Ёсимаса Хаяси "Түндүк Кореянын бул акылга сыйбаган аракети Эл аралык коомчулук тарабынан көзөмөлгө алынышы керектигин" эскертти.

Саатына 900 километр учкан бул баллистикалык ракета Япониянын экономилык аймагында жайгашкан Осима аралына 200 километр жетпей жарылган. Түндүк Корея мындай аракети менен Түштүк Корея АКШ менен биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүүгө камданып жатканына нааразылыгын билдирген. 

2022-жылы Түндүк Корея 70 жолу баллистикалык ракеталарды учурган.  Анын айрымдары АКШнын материктик аймагына чейин жете тургандыгы белгилүү болуп,  америкалыктарды чочуткан эле. 

Нур БАЙГАЗАК, NazarNews.kg

Последние новости