www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Жегич директорлор чалчаңдай баштады

Мурунку министр Бейшеналиевдин тушунда эски жегич директорлорго катуу сокку урулган. Системалуу түрдө пара алып, ошондой эле окуучулардын ата-энелеринен акча талап кылган эски директорлор кызматынан бошоп, жаңы татыктуулар тандала баштады. Министр Иманалиев келгени бул процесс тык токтоп, эски директорлор өз кызматтарын талашып кайра ордуна келе башташты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Борис Якир атындагы №61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин директору Юрий Низовскийге карата коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Бишкектин Биринчи май райондук соту №61 мектептин мурдагы директору Юрий Низовскийге карата өкүм чыгарды: "Соттун чечими менен №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин мурдагы директору Юрий Низовский Т.А. аттуу мугалимден 400 доллар жана А.А. аттуу ата-энеден 10 миң сом өлчөмүндө сый акы алганы аныкталбагандыгына байланыштуу күнөөсүз деп табылды", - деп айтылат соттун маалыматында. Бирок, Юрий Низовский 251-берененин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, тактап айтканда, 50 миң сом айып салынды.

№61 мектептин завучу Ефим Якир тууралуу маек. Учурунда атагы алыска кеткен № 61 математикалык мектеп бар эле. Ушул мектептин долбоорун легендарлуу завучу Якир Ефим Борисович түзгөн. Ал мектеп директорлугунан, ар кайсы тарапка жыйындарга баруудан качып, 1966-жылы математыкалык класс ачып, завуч катары бул мектептин атын бүт СССРде чыгарып турган. Бул мектепти бүтүргөндөр илимдин ар кайсы түрлөрү боюнча дүйнөлүк бийиктик деңгээлине жетишкен.Чындыгында Кыргызстанда билим деңгээли Америкадан өйдө турат экен.Кыргызстандыктар Нобель сыйлыгын алууга үмтөтүп тургандыгы кыргыздар үчүн сыймык!

- № 61 мектеп бүткүл союздун «брэнди» катары математикалык мектеп болсо да, эмне үчүн саясат жыттанып жыттанып, Усубалиев, Масалиев, Акаевдердин аты чыгып турат? 

-Биздин мектеп алгачкылардан болуп Союзда математикага адистешип, бул мектептин даңкы бүт СССРге тараган. Усубалиевдин бийлиги тушунда бул мектепте завуч болуп турдум. Апсамат Масалиевдин учурунда кайра куруу доорунда бул мектеп рефомалардын негизинде атагы алыска кеткен. Ал мезгилде Акаев БКда бөлүм башчы болчу. Ага чейин Политехте иштеген, бул институту менен биздин мектеп терең байланышта эле. Биздин мектепти бүтүргөндөр Москва, Ленинград жана башка вуздарга барып калышса: «Оо! 61дин мектептен келиптир» -деп сүйүнүп калышчу. Анын үстүнө Борбордук техникалык вуздарынын мугалимдеринин көпчүлүгү биздин мектепте болуп, кыргыз элинин меймандостугун көрүп кетишкен. Анткени, бизде эң жогорку мамлекеттик кызматкерлердин балдары окуп, ата-энелери өздөрү меймандарды чакырып келип Ысык-Көл, Альплагер, Жалал-Абад сыяктуу кыргыздын эң кооз жерлерине алып барышчу. 1988-жылы биздин мектепте  СССРде биринчи жолу компьютердик класс уюштурулган. Бул абдан чоң окуя болгон, себеби комьпютердик класс ал эмес Москвада жок эле.

-Кыргыздын алгачкы президенти Аскар Акаевдин № 61 мектеп менен кандай байланышы бар?

-Бизге Акаев башында турган кафедра болуп көрбөгөндөй жардам берип, семинар уюштуруп турчу. Биздин мектепте: Укуев, Рапопорт, Десяткова сыяктуу көптөгөн мыкты адамдар «почасовик» болуп иштей турган. Аскар Акаев өзү голографиядан биздин мектепте лекция окуй турган. Акаевдин бир кызы бизден окуп, абдан мыкты билим алган. Биздин мектепти бүтүргөндөр дүйнөдөгү эң мыкты окуучулар болгон.Биздин бүтүрүүчүлөр Пентагондо «беспилотный» самолетторду жасашат, Израилде дагы бир бүтүрүүчүбүз бүт америкалык истребителдерде колдонула турган шлемофондун үстүндө иштеп жатат. Нишанов Гор да биздин мектепти бүтүргөн, азыр Microsoft компаниясын ойлоп тапкандардын бири. Ал бизде окуганда информатика боюнча бүткүл союздук олимпиаданын жеңүүчүсү болгон. Ажар Ашыркулова учурда АКШдагы эң престиждүү банкта иштеп жатат. Санай берсек көп булар тууралуу өзүнчө токтоло кетсек...

-Математикалык класстын ар бир бүтүрүүчүсү дүйнөгө эң көрүнүктүү адамды тартуулаган окшойт.

-Ооба, 100 процент! Ар бир класста шаардык, республикалык жана союздук олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болгон.Бүткүл союздук олимпиадалардын катышуучулары, негизгиси биздин мектептин окуучулары болгон. Мен башка мектептерден биздикиндей көп катышуучулар бүткүл союздук олимпиадаларга катышканын уккан эмесмин.

-Чоң ийгиликтерге жетишкен окуучулар абдан жакшы баалар менен окушчу беле?

-Бул анча деле маанилүү эмес. Көбүнчө ойлоп табуучулар стандарттык эмес ой жүгүртүшөт. Алар алтын медалга деле кызыкпайт, ал эмес «двоечник» болушу мүмкүн. Эйнштейн деле эң жаман окуган эмеспи.

-Сиздер баа үчүн күрөшүүчү эмес белеңер?

Башкысы «процентоманиянын» кереги деле жок. Бирок «медалисттерди» чыгаруу, учурдун талабы болгон. Эгерде мугалим «медаль» алам дегендерге жардам көрсөтпөсө, ага минус. Бирок, окуучунун медаль алганы, эч нерсени үмүттөндүрбөйт. Биздин мектепти бүтүрүп, чоң жетишкендикке жетишкендерден Ажар Ашыркулова гана жалаң бешке окуган. Нишанов деле «медалист» эмес болчу, бирок информатикадан алдына киши салчу эмес. Юрий Свирденко да жалаң беш албай эле, азыр Россияда «Буран» деген жашыруун долбоордун үстүнөн иштеп жатат.

-Кыргызстандын борбор шаарындагы № 61 мектепти бүтүргөндөр ичинен Нобель сыйлыгына татыктуулар барбы?

Биздин мектепте, математиктер:  Гольдштейн Арон Моисеевич, Самарский Евгений Федорович абдан күчтүү болушкан. Математикадан башка сабактар да жакшы окутулууга тийиш эле. Ошондуктан, Ольга Борисовна, Ася Дмитриевна деген күчтүү химиктер иштеген. Ася азыр Нью-Йоркто жашайт. Химияны жакшы билгендиктен борбордогу химиялык вуздардан жана мединституттан окуп бүткөндөр көп болду. Биздин мектепте борбордук вузга июлда эле экзамен тапшырып, конкурстан өтпөй калгандар түз эле экзамени жок биздин вуздарга студент болуп калышчу. Саша Тенебаум да мединститутту бүтүргөн. Ал вундеркинд катары 5 жашынан окуп, 15 жашында мектепти аяктаган. Кийин ал Израилге кеткен, ал жакта биздин мектептин 60 тан ашык бүтүрүүчүсү бар.Саша Тенебаум Израилдеги эң күчтүү кардиолог, анын 150 дөн ашык илимий иштери жарык көргөн. Ал япондук окумуштуулар менен тыгыз кызматташып, Токиодо лекция окуйт.Саша ал жерде адамдар менен, ал эми анын япондук кесиптештери айбанаттар менен илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт. Бул окумуштуулардын илимий иштери дүйнөлүк Нобель сыйлыгына татыктуу дешип, Япония мамлекети тарабынан көрсөтүлгөнү турат. Саша Тенебаум Кыргызстанда туулуп, өсүп № 61 мектепти бүтүргөн, Нобель сыйлыгын алып калса, Кыргызстан үчүн деле сыймык!

-Кыргызстанда билим берүү системасы АКШ мамлекетинен өйдө турчу беле?

-Оо!...Мен азыр Нью-Йоркто адистешкен математикалык мектепте сабак берем. АКШ дүйнөлүк деңгээлде бийик турганы менен, билим берүү деңгээли төмөн. Ал жерде бардыгы математика сабагын билүүнүн кажети жок дейт. Ким кайсы сабакты каалайт, өзү тандайт. Биздин билим берүү программаларына караганда  алардыкы абдан жеңилдетилген. Эгерде биздин окуу программалар менен аларды окутса, окуй алышпайт. Мен бул жерде математикалык адистешкен сабакты айтпайын, кадимки эле окуу программаларын америкалык окуучулар окуй алышпайт. Биз өзүбүздүн программаларды өзүбүз баалай албайбыз. Ал жерде тарбия берүү, идеология деген жок. Америка –башкалар ойлогондой бейиш эмес. Айрыкча так илимдер боюнча биздин билим берүү системасы Америкадан өйдө турат.

-Азыркы окуп жаткан кыргызстандык окуучуларга эмнени кааламаксыз?

-Биз СССР деген улуу мамлекет учурунда жашап калдык, биздин бүтүрүүчүлөр кайсы жерге барышса, өздөрү билишкен. Азыр биздин окуучулар бутунан туруп бараткан мамлекетте жашашат.Мектепти аяктаган соң, ушул жерде калып, мамлекетке жардам беришиңер керек. Мен биздин бүтүрүүчүлөргө жолуккан сайын, сырттан да жардам берип тургула дейм. Эгерде бул жерде жакшы шарттар түзүлө турган болсо, чет элде жүрүшкөн таланттулар кайтып келишет. Бир гана Нью-Йоркто канча кыргызстандык жүрөт. Бирок, бардыгы турмуш-шартын жөндөп алышкан. Алардын бардыгы өз мамлекетинен жардамын аябайт.

-Биздин эмигранттар менен мамилеңиз кандай?

-Оо, алар менен абдан жакшы, алар ал эмес меймандашып келет. Алардын келиши жан дүйнөмө бальзам сыйпагандай эле. Ажар Ашыркулованы абдан жакшы көрөм, абдан таланттуу кыз, «умница». Ал Нью-Йорк жана Стэндфорт  университеттеринде окуганда , ал жашаган кампустарга барып калганда, америкалык жакын дос кыздары, ал жөнүндө «She is crazy!» -деп айтышчу. Чындыгында, ал билген математиканы бир дагы америкалык кыз билчү эмес. Ал япон университетинен да окуган. Ажар гана дүйнөнү таң калтырган Кыргызстанда мыкты эмес да. Турдукулов Нурбек да 61 мектепти аяктаган. Ал Вашингтондо  магазиндер тармагында чоң ийгиликтерге жетишти. Насыр Турдалиев да бизнес тарабында мыкты. Деги эле алар америкалыктардын оозун ачырышканы менен, биздин мамлекетти да көтөргүсү келишет. Менин оюмча, сыртта жүргөн кыргыздын «мээлерин» атайын шарт түзүп, кайрып келе турган убак келди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости