www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн экономикасын тарта албай калды. Мамлекетти туташ кризис каптап келе жатат. Жакында экономика сазга сорулуп очорулса, кырдаал социалдык жарылууга жетиши мүмкүн.
Дегенибиз, быйыл суу жетпей, айыл чарба тармагы өлчөөсүз зыян тартты. Дыйкандар чыгымга учурады. Түшүмдүүлүк кыскарды. Бул жагдай кымбатчылыктан кабар берет. Инфляциянын коңгуроосу эмитеден эле кагыла баштады.
Дал ушул суу маселесинен улам, Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү аз. Жылда жок дегенде 14-15 миллиард болсо, быйыл араң 11-12 миллиард куб боло турганы айтылды. Бул дегендик электр энергиясын график менен өчүрүү орун алат дегенди билдирет. Кеминде 12 саатка чейин свет өчөөрү күтүлүүдө.
Демек, кайра иштетүү өнөр жайлары, калкты тейлөө тармагы (кафе, ресторан, сулуулук салондору) минуска кетет. Бул да болсо товардын баасынын көтөрүлүшүнө таасирин тийгизет. Натыйжада, салык азаят. Жалаң элдин жонунан кайыш тилип, салыктан башканы билбеген Акылбек Жапаров үчүн, бул казына толтурууда чоң көйгөй жаратат…
Мына, учурда күзгө-кышка даярдык нөл. Бишкек жылуулук электр борборуна бир тоголок көмүр түшө элек. Кышында жылуулук маселеси эмне болот? Айтуу кыйын.
Ар дайым суудан кургак чыкчу, отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн Акылбек Жапаров, өлкөдө экономикалык абал оорлошуп, инфляция жүрүп эл кыйналса жоопкерчилик тартышы керек. Антпесе, куйругун карматпай кетет.
Булак: NazarNews.kg