www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ары бол, бери бол, аш бышарда даяр бол» деген кеп Эдил Байсаловго тиешелүү сыяктуудай. Бирок ичкен ашын таштай коюп көлгө учуп жөнөдү. Карганбек Самаковдун бир жакшы идеясы бар Ысык-Көлдүн тентек сууларын аргамжылап мини-ГЭС куруу тууралуу, ушул мини-ГЭСтер Садыр-аке, Кыдыр-аке, Тилекмат-аке, Сарт-аке, Карга-акелердин ысмын түбөлүккө калтыруу үчүн ушулардын наамынан койсок деген. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында даанышман-ойчулдар Садыр-акенин 200, Кыдыр-акенин 180 жылдык маараке тою өтүүдө. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, министрлер, президенттин облустардагы өкүлдөрү жергиликтүү жетекчилер, облустардан келген меймандар жана жергиликтүү тургундар катышууда.
Расмий түрдө старт берилгенде салтанат "Улут баскан улуу жол" аттуу фестиваль башталды. Учурда Каракол шаарынын борборуна 50гө жакын боз үй тигилип, ар бир дубан кол өнөрчүлүгү, кыргыздын каада салт санаасын менен таныштырышууда.Андан сырткары, кыргыз-казак эл аралык төкмө акындарынын айтышы Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында өтүүдө. Каракол шаарынын борбордук скверинде манасчылар манас айтууда. Иш-чара эки күнгө чейин уланып, сынактардын жыйынтыктары чыгарылып жеңүүчүлөргө байгелерди тапшырылат.
Карганбек Самаковдун экономикалык жактан сабаттуулугу ушул жерден көрүнүп турат. Ал Советтер Союзу жоюлгандан бери отуз эки жыл өткөнүн баса белгилеп, ошондо бизге калган 460 завод-фабрикалар таланып-тонолуп кеткенине бардык мекенчил кыргыздардай эле кейип-кепчигенин жашырбайт. Ал ПЕСАК сыяктуу тузак программалар кыргыз элинин бай-кедей болуп бөлүнүп-жаралышына алып келгенин белгилейт.
Кыргыз жергесиндеги байлыгыбызды капчыгын толтуруу үчүн 2200 лицензия менен мамлекет башчыларынан колдоо тапкан тиешелүү атка минерлер сатып жиберишкен.
Өлкөбүздү күрөөгө коюп 16 мамлекеттен 11 500 000 000 доллар грант-кредит алышкан. 15 эл аралык финансылык уюмдардан, 450 кайрымдуулук эсебинен акча кайтарымы аныкталган эмес, ошол жактан келээри менен валюталары менен жок болгон. Мамлекеттик бюджетте карыздардын көлөмү чыгашалардын 60 пайызынан ашып кеткен, эмне үчүн бюджетте иштегендердин айлыгы көтөрүлбөйт, анткени биз кирешеге 100 сом түшсө, анын алтымышын чет мамлекеттерге карыз үчүн төлөп беришибиз керек. Чет мамлекеттен келген импорт товарлар өзүбүз чыгарып чет мамлекетке сата турган экспорттордон ашып кетип тескери сальдо көтөрүлүүдө. Инфляция деле жарыткан жок, анын уламдан-улам көтөрүлүп баратышы экономикабыздын бутун тушап турат. Бюджетке акча топтой турган өндүрүш ишканалары курулбай, көп жылдардан бери стагнацияга же токтоп калууга дуушар болгонбуз. Бийлик башчылары өз жеке жыргалчылыгын ойлошуп, мамлекеттин, элдин тагдыры кызыктырган жок.
Кыргызстанда 20 000 000 долларга тете байлыкты сыртка чыгарып кетишти. Элдин айласы кетип, окко тике качырышып эки ирет ыңкылап, дагы бир ирет бийликти алмаштырышты. Мындай саясий процесстерге бекер жеринен барган жок, эл жакырчылыктын сазынан чыга албай ушундай жагдайларга келди.
Кыргызстан дүйнөдөгү 180 мамлекеттин ичинде 154-орунда эң жакыр мамлекеттердин арасында орун алган. Акчабыз жок жалдыраган, шалдыраган мамлекет башчыларына кор болдук.
Дүйнөдөгү 2016-2020 –жылдагы рейтингдердин эсебин салыштырып отуруп Статистика Борбор Азияда төрт мамлекеттин ичинде үчөө дүркүрөп өсүп баратканын баса белгилеген. Алсак, Түркмөнстан жылдык өсүшү 8,5 пайыз менен үчүнчү орунду ээлесе, Өзбекстан жылдык өсүшү 8 пайыз менен алтынчы орунду алган. Ал эми Тажикстан 6,5 пайыз менен он бешинчи орунду ээлейт. Ал эми биздин Кыргызстан бул рейтинг боюнча да артты көздөй сүрүлүп калган.
Эми салыштырып көрөлү Кыргызстан бул коңшу мамлекеттерге караганда эл аралык уюмдар менен кызматташып келатат. Үч мамлекет тең кирбеген Евразиялык Экономикалык Кызматташтыктын (ЕврАзЭС) мүчөсү. Макулдашылган келишимдер боюнча Евразиялык Экономикалык Кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасы үчүн көптөгөн жеңилдиктер бар. Бизге коңшулан экономикасы дүйнөдө АКШты сүрүп бараткан Кытай Элдик Республикасы бар, бул мамлекет менен Шанхай Кызматташтык Уюму аркылуу байланышабыз, бул мамлекетте миллиардаган талап кылуучулар бар. Еврошаркет менен ратификацияланган келишим боюнча алтымыштан ашык товарлар, бул Биримдикке кирген мамлекеттерге бажы төлөмү жок киргизилиши керек болсо, биз мындай соода кылуунун жакшы жактарын колдоно алган жокпуз. Кыргызстан учурда чет мамлекеттерге 500 000 000 долларлык товарды сатууга мүмкүнчүлүгү бар.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg