www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Татарстанда Самара шаарынын 34 жаштагы тургуну Екатерина К.ны өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, кол салган адам кыздын Toyota Land Cruiser унаасында аны мууздап, андан соң жабырлануучуну жолго ыргытып жиберип, унаа менен окуя болгон жерден качып кеткен. Кылмышка күбө болгон жергиликтүү тургундар дарыгерлер менен милиция кызматкерлерин чакырган. Бирок эки тез жардам бригадасынын аракетине карабай Екатерина өмүрүн сактап кала алган эмес. Маркум көп кан жоготуп көз жумган. Анын артында жаш баласы калды.

Бул факт боюнча Тергөө комитетинин Самара облусу боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Укук коргоо кызматкерлери дароо кол салган адамды издөөгө киришип, көп узабай Екатеринага таандык кара түстөгү Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү унааны табышкан. Аны кылмыш болгон жерден алыс эмес жерде - Самарская көчөсүндөгү короого таштап кеткен.

Бир нече сааттын ичинде милиция шектүүнүн өздүгүн тактап, аны кармоого жетишкен. Шектүүнүн унаасы Казань шаарында жол кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан токтотулган.

"Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында адам өлтүрүүгө шектүүнүн өздүгүн аныктоо мүмкүн болду. Ал Россия Федерациясынын башка аймагында жашаган 21 жаштагы жигит болуп чыкты. Кол салган адам Россиянын Ички иштер министрлигинин Самара облусу боюнча башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан Татарстан Республикасынын аймагынан кармалып, Самара шаарына жеткирилген. Жакынкы арада ал шектүү катары суракка алынат", - деп айтылат Самара облусу боюнча Тергөө комитетинин сайтындагы расмий билдирүүдө.

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, кармалган жаран 2022-жылы Орусиянын жарандыгын алган жана Татарстанда жашаган, болочок курмандыгы менен унаа сатуу сайтынан таанышкан — Екатерина өзүнүн Land Cruiser автоунаасын саткысы келген. Шектүү кызга өзүн потенциалдуу сатып алуучу катары тааныштырып, Самарага унаа ээси менен жолугушуу үчүн келген.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости