www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт» деген кеп бар. Эл дүрбөп Кытайга жөнөдү эле Жамила Исаева деген Канат Исаевдин эксканаты кошо дүрбөдү. Кантсе да вице-спикер деген расмий даражасы бар эмеспи, такымын жеп калган «Ак Жолдон» мурун эле парламентти ууртап- татып калган  Улукбек Ормонов аны делегациянын башчысы кылып алган. Чындыгында бул делегациянын «серый кардиналы» Улукбек Ормонов. Ал «жөжө» депутаттарды ээрчитип Кытайга жөнөгөн.

Катыны менен «калжаңдаша» кеткен Канат Исаев кайгы-капасын бийликтен чыгармай болду. «Жакшы көргөн уулуңду шаар көрсөтпө» деген сөз бар эле, эми «Жакшы көргөн аялыңды депутат кылба» деген сөзгө айланды. Канат Исаев жакшы көргөн аялын депутат кылган, бирок экөөнүн ажырашуусуна парламент кине болдубу же башка болдубу, «шаар бузулду». Эми аялы вице-спикер катары бийликтин сөзүн кубаттап, Канат Исаев оопозициялык тарапка ооду. Оппозициялык күчтөр, «дүжүр чалдар»  арасында Канатбек Исаевди алдыга сүрөп, лидер кылып алып чыгууга сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын эшиттик. Карта,казы, чучуктарга тойгон «дүжүр чалдардын» тымызын баарлашуулардын негизинде бүйүр кызыткан пландар да бар. Албетте, убагы келип, бышып жетилмейинче ачыкташпайт эмеспи.Биздин баамыбызда, бийлик менен оппозициянын күрөшү жай айларында да тынчыбай, каршылашуулар улана берет окшойт. Аягы кандай жыйынтыкталат? Мына ушул суроого баары баш катырышууда. Канат Исаев президент болобу же көнүп калган СИЗОсуна барып башкалкалайбы бир кудай билет.

Коррупциялык байланыштын негизинде Канат Исаевдин жубайы банкир Жамила Исаева вице-спикерша болду. Андан тышкары Талант Мамытовдун орун басарлары 2019-жылы «Ата-Мекен» фракциясынан депутат болгон Нурбек Сыдыгалиев менен «көмүр королу», СДПКчы Улан Примов вице-спикер болушкан. Баса, Канат Исаев дүркүрөп турганда ал өкмөттөгү сотторду башкаруучу директордун орун басарына чейин жеткен. «Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт» Канат Исаев маска кийип жашынып Жамиласы таңшый баштаган, акыры чалмакейи чалынып ажырашып тынышты. Чыңгыз Айтматовдун «Жамила» повести ага атак алып келген. Ал эми белгилүү саясатчы Канат Исаевге да Жамила Исаева атак алып келчүдөй. Жамила Исаева Канат Исаевдин көрөр көзү катары банктарда бажырайып акча эсептегенди сүйчү. Бирок банкирлерге караганда сот тармагында иштегендер жакшы табарына көзү жеткен соң өкмөттүн сот тарабын мыкчып кармап келген. Эми жубайы Канат Исаевдин депутат катары ышпалдасы чыгып калган соң, депутат болууга жулунуп «Ата-Журт-Кыргызстан» партиясынан парламентке депутат болуп келди да күйөөсүнүн ышпалдасын чыгарыпажырашууга бел байлады. Үлкөн саясатчы Канатбек Исаев жүргөн жерде чөп чыкпайт. Ал саясий карьерасын Бакиевдин бийлиги учурунда баштаган. Дагы бир тууганы Каркыра боюнча илинчекте турары бышык, ал эми Исаев Токмокто мэр болуп турганда шаардын чегиндеги жерлерди атасы Шабдандан ашып түз эле казактардын колуна карматкан. Бул тууралуу кылмыш иши козголуп, байлыктын күчү менен Исаев сүттөн аппак,таптаза чыккан. Ал эми шаардан алыс узабай темир менен тосулган 2000-3000 миң метр жерге кашат орнотулган. Бул кашат Исаевдин жери экен дешип көргөн адамдар баш чайкашат. Шабдан 40 байталга кыргыз жерин казакка бергени угулуп калды, ал эми Канат Исаев канча байталга Токмоктун чек арасындагы жерлерди берди экен? Бийлик алмашканда Токмоктун мэри аны сураганы келе жаткан элден качып, дубалдан секирип кеткени бышык. Бирок, «хамалеончо» өңүн өзгөртүп түз эле Бабановдун «Республика» партиясына кирип, жанын сактап калган. Бабанов партиянын штабын жетектеген Канат Исаевдин жүргүзүп жаткан былык иштерине нааразы болуп  куугунтуктаганда Чүй облусуна губернатор болуп кетип, 2015-жылы Шакинин «Кыргызстан» партиясын баштап келатып, тууганы Каныбек Иманалиевди тоңколоткон. Бабановдун куугунтуктаганына карабастан 2017-жылы чоң мансап үмтөтүп Бабановду колдогону үчүн бир топ камакта жатып чыкты. Бабановду саткандай эле Атамбаевди сатып анын экс-президенттик укугун алуу үчүн Жээнбековго желдет болуп жүрдү. Жээнбековду сатып, эми «Кыргызстанды» Шакиси менен кошо сатып депутатка талапкер болгон.

Исаевдин чоң атасы Иса орусча Иусус еврей. Иусус еврейден бир нерсе жукканбы же кыргыздын өтө акылдуусубу, таң?! Жапаров тууганы менен тил табышып депутаттыктан талапкерин алды. Канат Исаевдин аталары Тынай, анын энеси Дархан, атасы Түлкү. Түлкү менен Үчүке Жаңылды алганы барып, анын жаасына кабылып күм-жам болушат. Түлкүнүн энеси каардуу кемпир экен, күйөөсү Сарысейитттин тилин албай Дарханды кетирет. Дархан бешиктеги баласы Тынайды эмизип жатып Үчүкенин үч баласы күн көрсөтпөйт го деп Таласка кетип башка күйөөгө тийет. Ошол үчүн Солтонбай ырчы Тынайдын балдарын мазактап: «Түшүмдү алгын таруудан, энеңди алгын Саруудан» -деген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости