www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апрель айында Орусиядан Кыргызстанга электр энергиясы биринчи жолу бериле баштаган. Бул тууралуу Кыргыз энергетикалык эсептешүү борборунун маалыматы далилдеп турат.

Белгиленгендей, Казакстан аркылуу транзит менен 67,8 миллион киловатт саат алынган. Мындан тышкары республика Казакстандан 90,8 миллион киловатт-саат, Түркмөнстандан 269 миллион киловатт-саат электр энергиясын алды.

Бардыгы болуп 2023-жылдын апрель айында республикага 427,6 миллион киловатт-саат импорттолгон. Электр тармагына берилген электр энергиясынын жалпы көлөмү 1,2 миллиард киловатт-саатты түздү. Бул Кыргызстан электр энергиясынын үчтөн бир бөлүгүн башка өлкөлөрдөн сатып алды дегенди билдирет.

Сатып алынган электр энергиясынын баасы бийлик тарабынан айтылбайт. Алар муну коммерциялык сыр деп аташат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости