www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иркутск облусунун Братск шаарында шаурмага ууланган адамдардын саны 62ге жетип, фастфуд кафесинин ээси кармалды. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Тергөө комитетинин басма сөз кызматы 15-июнда Telegram-каналына билдирди.

Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү ишкерди, кафе кызматкерлерин жана жабырлануучуларды суракка алууда. 15-июнь күнү эртең менен 62 адам уулануу белгилери менен дарыгерлерге кайрылса, 29 адам ооруканага жаткырылды, анын бешөө бала.

Роспотребнадзор санитардык мыйзамдардын талаптарын, идиш-аяктарды даярдоонун технологиялык процессин, тамак-ашты жана азык-түлүк чийки затын сактоо шарттарын бузууларды аныктады, ошондой эле кызматкерлердин жеке гигиенасын сактоого шарттардын жоктугу катталып, кафе убактылуу жабылды.

Белгилей кетсек, кечээ, 14-июнда аталган тамактануучу жайдан 35 адам ууланганы тууралуу айтылган.

Бул боюнча Россиянын Тергөө комитетинин Иркутск облусу боюнча тергөө башкармалыгы 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренеси (коопсуздук талаптарына жооп бербеген продукцияны өндүрүү, сактоо, сатуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жабырлануучулар Shawarma I Want фастфуд кафесинде сатылып алынган шаурманыны жегенден кийин "курч ичеги инфекциясы" диагнозу менен ооруканага жаткырылганы такталган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости