www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда 35тен ашуун адам шаурмага ууланды

Иркутск облусунун Братск шаарында кафеге барган 10 адам ууланып ооруканага жаткырылды, анын ичинде бешөө жашы жете элек балдар. Бул тууралуу облустун губернатору Игорь Кобзев 14-июнда өзүнүн Telegram-каналында билдирди. 

Жалпы уулангандардын саны 35тен ашты.

Белгилүү болгондой, медициналык жардам сурап кайрылгандардын бардыгынын абалы жеңил жана орточо оор. Алар амбулатордук шартта дарыланууда. 

Окуя боюнча бардык маалыматтар Роспотребнадзордун Иркутск облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Россиянын Тергөө комитетинин Иркутск облусу боюнча тергөө башкармалыгы 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренеси (коопсуздук талаптарына жооп бербеген продукцияны өндүрүү, сактоо, сатуу) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жабырлануучулар Shawarma I Want фастфуд кафесинде сатылып алынган шаурманыны жегенден кийин "курч ичеги инфекциясы" диагнозу менен ооруканага жаткырылганы такталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости