www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Египет БРИКСке кошулууга арыз берди

Египет БРИКСке кошулууга арыз берди. Бул тууралуу Орусиянын Каирдеги элчиси Георгий Борисенко ТАССтын кабарчысына билдирди.

Дипломат белгилегендей, Египет бийлиги БРИКСтин демилгелеринин бирине – сооданы максималдуу түрдө альтернативдүү валюталарга которууга кызыкдар.

БРИКСке Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка кирет.

Египеттин ассоциацияга кирүү мүмкүнчүлүгүн карап жаткандыгы тууралуу 2022-жылдын июлунда БРИКС эл аралык форумунун президенти Пурнима Ананд билдирген. 

БРИКС 2006-жылы июнь айында Бразилия, Россия, Индия жана Кытайдын экономика министрлеринин катышуусунда Санкт-Петербургдагы экономикалык форумдун алкагында түзүлгөн. Түштүк Африка 2010-жылы кошулган.

Өткөн жылы Иран менен Аргентина БРИКСке кирүүгө арыз беришсе, Алжир уюмга кошулуу маселесин кароого даяр экенин билдирген. Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында Түштүк Африка Республикасынын бийликтери мүчөлүккө кабыл алынган арыздардын саны 13 миңге чейин көбөйгөндүгүн, жалпысынан формалдуу жана формалдуу эмес түрдө 20дан ашык өлкөлөр ассоциацияга мүчө болууга өздөрүнүн кызыкдарлыгын билдиришти. Топту кеңейтүү жол-жобосу азырынча бекитиле элек, Түштүк Африкада анын концепциясы 22-24-августтагы БРИКС өлкөлөрүнүн башчыларынын саммитинде бекитилет деп үмүттөнүшүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости