www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Зулушев тергөөсү жок калат

Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда прокуратура жөнүндө конституциялык мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун колдоду.Эми Башкы прокуратурадан тергөө укугу алынат. Башкы прокуратуранын тергөө боюнча ыйгарым укуктары УКМК, ИИМ жана Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилет. Совет убагында «Менин милициям, мени коргойт» дешип милициянын күчү бар болчу. МВД, НКВД көбүн чечип, анча-мынча чоң кылмыштарды алдын алып келишкен. Жаңы кодекс боюнча милициянын алы прокурор жетелеп алган күчүк сымал болуп калгандай. Барын мыйзамдын негизинде кылып колу-бутун байлап, тушап коюшту. Жетеленме күчүк эмне кылат? 2019-жылы кодекске өзгөртүү киргизгенде ыкчам иликтөө кызматкерлери менен кеңешип, талдап чыгышса болмок. Андан бери канчалаган оор кылмыштар болуп кетти. Бир нерсе болсо эле коомчулук милицияны тепкилеп, эч нерсе кылбайт дешет. Милициянын кыла турган нерсенин баарын алып салышканын эл билбейт.

Кыргыз Республикасынын «Ыкчам –иликтөө ишмердүүлүгү» жөнүндө Кодекси жаңы кабыл алынып, маңкурттуктун запкысын тартып, тергөөчүлөрдүн торуна түшүп калган адамдарда үмүт пайда болгон. Алар жалган ушактардын айынан жалаа жаап, кылдай күнөөсү жок адамдарды жок шылтоолорду таап камап, акыйкат дегенди унутушуп, акча бергендердин кулуна айланышып, мителик менен коомубуздун жек көрүмдүү адамдарына айланып бара жаткан. Бул Кодекс өз убагында, мыйзамсыз акча менен байыгандарды ооздуктоо үчүн кабыл алынганы чын. Мурунку Кодекс боюнча ар кандай мыйзамсыз акча алууларга жол берилип келсе, эмки кодексте мыйзамсыз өз капчыгы үчүн акча алгандар катуу жоопкерчиликке тартылышат. Кимдир бирөөлөрдөн капчыгына акча толтуруп, анысы билинген соң да, суудан таза кутулуп кеткендер үчүн катуу чаралар көрүлөт. Жазык-процесстик кодексинин 37-беренесине ылайык ыкчам бөлүмдөрдүн ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: кылмыш тууралуу арыздарды каттоо, кылмыш болгон жерлерди кайтаруу, прокурор тарабынан берилген атайын тергөө амалдарын жүргүзүү. Кыргыз Республикасынын «Ыкчам –иликтөө ишмердүүлүгү» жөнүндө Кодексинин жаңы редакциясында кылмыштын алдын-алуу, бөгөт коюу, аныктоо жана кылмыштын бетин ачуу функциясын милициядан алып салган.

Дүйнө жүзүндө Эл аралык тажрыйбаны изилдөө көрсөткөндөй жазык соту түпкү тамырынан бери өзгөргөн Украина, Грузия, Балтия, Казакстан сыяктуу мамлекеттерде жазык соттук өндүрүшүнүн мындай моделдери кезигишпейт. Ал эми Европада, АКШда кылмыштуулук териштирүүнүн эки түрү бар, Биринчиси, эркин, ыкчам кызматкерлердин жашыруун иш-чараларын жүргүзүүүсү. Экинчиден, бекем, алдын-ала тергөө ишинин алкагында иш-чараларды жүргүзүүүсү. Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөндөй, ыкчам бөлүмдөр тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары атайын тергөө амалдарын жүргүзүүнүни негизинде гана өткөрүлөт, ошондуктан бул туура эмес деп эсептейбиз, анткени мындай иш-чаралар кылмыштуулуктун алдын-алуу болтурбоо жана бетин ачуу максатында жүргүзүлүшү, четте калган.Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 37-беренесинин 2-бөлүмүнүн, 10-пунктуна өзгөртүү киргизишибиз керек, ошондо гана ыкчам бөлүмдөрдүн кызматкерлери өз функцияларын толугу менен аткарышат. Бул кодексте Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы тарабынан азыркы убактагы түзүлгөн кырдаалдарды түшүнүп туруп ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүн мурдагыдай эле калтырган. Жазык-процесстик кодексинде карма-каршылыктар көп кездешет.

Мурда тергөө органдары кылмыш ишинин процесстик бөлүгү менен алектенип, ыкчам иликтөө ишмердүүлүгүн ижүргзүүдө табылган жыйынтыктарын процессуалдык форма берип келишкен, бирок эч качан кылмыштын бетин ачууда демилгечи болгон эмес. Жаңы жазык процессти кийирүү менен, тергөөчүлөрдүн жүгү жогорулады, ошондой эле жоопкерчилиги, мурун капчыгын толтуруп алып, ким акча берсе ошонун сөзүн сүйлөп келсе, эми ак караны ылгаш керек. Жаңы жазык –процессти кийирүү менен азыркы учурда келген маалыматтарды алгачкы текшерүүсүз эле, электен өткөзбөй туруп КЖБРга катталуусу көбөйгөн. Ошондой эле Жазык кодексинин жана КЖБРдин ченемдерине ылайык көмүскө булактардан келип түшкөн маалыматттар катталышы керек, бирок бул маалыматтар бардык эле учурда так эмес. Мисалы, тажрыйба көрсөткөндөй көмүскө булактардан мындайча айтканда баканооздордон алынган маалыматтардын 25-30 пайызы тастыкталып, тергөө кызматкерлери тарабынан калган учурларын тергөө үчүн канчалаган убакты жана каражат сарпталып, чыныгы кылмыш иштерин тергөө үчн алагды кылат. Баканооздордун бардыгы эле туура маалымат беришпейт, алар өздөрүн ойлоп, каршылаштарын каматып жок кылууну эңсешет.

Ыкчам бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан өз алдынча кылмыштуулук менен күрөшүп, кылмыштын бетин ачуу үчүн иш аракеттерин жүргүзбөө, бул кылмыш кылбаган кылмышкерлерге гана пайдалуу. Анткени, алар үчүн кылмышты жүзөгө ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Ыкчам иликтөө ишмердүүлүгү мыйзамы кылмыштуулук менен күрөшүүдө жашыруун түрдө өткөрүлүп, кылмыштын бетин ачууда жашыруун иш-чаралары жүргүзүлөт. Жазык кодексинде мажбурлоо жолу каралса, ыкчам –иликтөө ишмердүүлүгү мыйзамында мындай мүнөздөмө жок. Себеби, болгону бул мыйзамда ыйгарым укутуу органдарынын көмүскө ишмердүүлүгүн жөнгө салуу каралган. Ал эми ыкчам иш-чараларынын жүргүзүлүшүндө мыйзамды бузуу көрүнүшү ар бир ыкчам кызматкердин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзамдуулукту бузуу субьектиге карата болот. Бүгүнкү күндө кыйноо окуясы боюнча анча көп эмес кылмыш иштери сот тарабына жиберилип, көпчүлүгү далилденип такталбагандыгы үчүн кыскартылган.

Жазык-укук жаатындагы мыйзамдарга жана кодекстерге киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук бир жылдын ичинде эки же андан ашык кайталанса ал кылмыш болуп саналат. Кылмышкерге карата беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралды. Башкы прокурор Курманкул Зулушев айтымында, азыр иштеп жаткан мыйзамдарда үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөр коомдук жумуштарга тартылып, 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып пул төлөөгө милдеттендирилген.Башкы прокуратура бир катар мыйзамдарды жана кодекстерди өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

2019-жылдагы кодекстер менен мыйзамдарды кайра өзгөртүү максатында Жазык, Жазык-процессуалдык, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстердин жаңы редакциясы жана Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлган. Аларды 1-апрелде президенттин жарлыгы менен түзүлгөн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш үчүн сунуш иштеп чыгуу максатында түзүлгөн эксперттик жумуш тобу иштеп чыккан.

Ушул кодексти кабыл алар алдында Ички иштер министрлиги кыздарга тийишкен жигиттерди жети суткага чейин камакка алууну сунушташкан. 2021-жылдын 24-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракет көрүү комитетинде күч кызматкерлеринин айрым депутаттар менен биргелешкен жыйынында айтылды.

Милиция тарабынан "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамды кеңейтилип, бейтааныш кишилердин жасаган зомбулуктарын да киргизүү керектигин билдирди."Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамга жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске аялдарга зомбулук көрсөткөндөрдү жана коркуткандарды камакка алуу ордерин берүү тууралуу беренени сунуштайбыз. Натыйжада улам тийишип, ыдык көрсөтүп жаткан жигит жети суткага камакка алынат жана андан жабыр тарткан кыз корголот.

Адам уурдоонун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызы менен Айзада Канатбековага да жигиттер алгач тийишип, соңунда ушул абалга келгенден улам болсо керек. Буга чейин ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү үчүн атайын бөлүм ачыларын кабарлаган.

 

2019-жылы Кашкар Жунушалиев демилгеленген кодексте милициянын аракетине көп көңүл толбой турат. Бул мыйзам кабыл алынса милициянын колу-буту тушалып, «күн карама» сыяктуу болуп калды. Ягода, Ежов, Берия деген милициянын ачендиктери болгон. Керек болсо алар Сталиндин айлана-чөйрөсүндөгүлөрдү бүт каматып, аттырып салчу. Берия Сталиндин орун басары Молотовдун жүрөгүнүн үшүн алып аялын камап, өзүнө муштум кезеп турган. Молотов кийин 1986-жылы токсон алты жашында каза болгондо сбербанкта 500 рубль акчасы гана болуптур. Азыр он беш мамлекетти бириктирген СССРди койолу, Кыргызстанда эле акчаны мүшөгү менен ташып жатат.

Октябрь революциясынан соң 1917-жылы 4-декабрда кылмыштардын иши бүттү дешип, НКВД кылмыш-иликтөө бөлүмүн жоюп салышкан. Бир жылдан кийин 1918-жылы 5-октябрда бул бөлүм кайрадан ачылган. Милициянын кадыр-баркы көтөрүлүп отуруп НКВД мамлекеттеги эң кубаттуу коопсуздук органына айланган. Сталиндик репрессиялардын башында НКВД милициялары турушкан. Азыркы болуп жаткан реформалардын учурунда пара алган коопсуздук кызматкерлерин катуу чара көрүлө баштаганда, Кыргыз Республикасынын «Ыкчам –иликтөө ишмердүүлүгү» жөнүндө Кодексинин жаңы редакциясында эл кубана турган жакшы беренелер киргизилгени менен милиция прокурорго жетеленип калгандай. «Туулганына сүйүнбөй, турганына сүйүн» дешет кыргыз эли, жакшы жөрөлгөлөр ишке ашып кетишине тилектешпиз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости