www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коммунисттердин мамилеси “Манаска” карата туура эмес болгон. Эпосту жыйноо, бастырып чыгаруу, орус тилине которуу иштери 20-30-жылдары колго алынып, изилдөө иштери башталган. Ошол эле учурда коммунисттик идеологияга туура келбеген эпостун идеялык катмарларын сындоо маселеси 30-жылдары эле козголгон. “Манас” эпосу боюнча биринчи илимий конференция 1935-жылы өткөрүлүп, анда К.Тыныстанов, М.Ауэзов, Е.Поливанов, Б.Исакеевдер баяндама жасашкан.
“Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү боюнча Эл комиссарлар кеңешинин токтому 1940-жылы 23- мартта чыккан. Ал эми Кыргызстан компартиясынын эпостун 1100 жылдыгын 1947-жылы белгилөө боюнча токтому 1945-жылы 8- сентябрда кабыл алынган. 1946-жылдагы Ждановдун докладынан кийин өлкөдө идеологиялык күрөш курчуган. 1947-жылы Кыргызстан компартиясынын катчысы К.Орозалиевдин “Кыргызстанда тарых илимин жана адабият таанууну өнүктүрүүнүн кезектеги милдеттери” деп аталган макаласынан кийин Кыргызстанда идеологиялык күрөштүн оту тутанып, репрессиянын экинчи толкуну башталган. Китептеринен саясый “каталар” табылып, Т.Саманчин, Т.Байжиев, З.Бектеновдор түрмөгө камалышат.
Замана агымынын өкүлдөрү Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылычтын чыгармалары, А.Токомбаевдин “Кандуу жылдар”, К.Маликовдун “Балбай” поэмалары идеологиялык жагынан “зыяндуу” деп саясый айып тагылып, тыюу салынат. Ушул мезгилден тартып “Манас” эпосуна да “чабуул” башталат. Эпостун тегерегиндеги дискуссиялардан кийин конференция өткөрүү чечими кабыл алынып, “Конференция өткөрүүнүн демилгечиси СССР ИАнын президиуму болгон, конференцияны уюштуруу комиссиясынын төрагасы болуп В.П.Сухотин дайындалган. Исхак Раззаков эпоско каршы уюштурулган сынга ачык каршы чыкпаса да маселенин илимий жол менен чечилишин туура көргөн. “Манас” эпосунун элдүүлүгү маселеси каралган, 1952-жылы өткөрүлгөн конференцияда 25 баяндама жасалган.
Москванын тапшырмасы боюнча Л.И.Климович, А.К.Боровков эпостун тагдырын чече турган негизги баяндамачылар болгон, калгандары кошумча баяндама жасашкан. Ждановчул-орозалиевчил идеологиянын негизинде эпосту “динчил, реакциячыл” деп баалаган бул негизги баяндамачыларды П.И.Балтин, Г.Нуров, Ж.Самаганов сыяктуу жергиликтүү демогогдор жандай чаап сүрөшкөн. Т.Сыдыкбеков, К.Маликов баш болгон жазуучулар эпостун элдүүлүгүн коргоп чыгышкан.
Ал эми А.Токомбаев болсо, эпосту негизинен жактаганы менен С.Орозбаковдун вариантында реакциячыл катмар, диндик мотивдер көп деп эпостун негизги вариантын жокко чыгарган. Б.Юнусалиев өз сөзүндө негизги баяндамачылардын жана алардын жандоочуларынын эпоско жасалма айып таккан демагогиялык концепцияларын ишенимдүү аргументтер менен төгүндөп, эпостунэлдүүлүгүн илимий негизде далилдөөгө аракет кылган. Бул фактылардан кийин белгилеп айтып кете турган бир жагдай, эгер эпостун тегерегинде идеологиялык дискуссия жүрбөсө, Б.Юнусалиев “Манас” эпосун изилдөөгө киришет беле, айтыш кыйын.
Анткени 1941-45 жылдары согушта жүргөн, 1945-50-жылдары эл агартуу комиссары болуп иштеген. 1949-жылы тил илими боюнча кандидаттык ишин жаңы коргогон. Бирок эпостун үстүнөн кара булут айлана баштаганда ал өзүнүн тил илими боюнча негизги илимий ишин токтотуп коюп, “Манас” эпосун изилдеп, аны коргоого баш-оту менен киришкени – чыныгы патриоттуулуктун үлгүсү. Эпостун элдүүлүгү боюнча конференцияда чечүүчү сөздү Б.Юнусалиев айткан деген пикирлер кыргыз окумуштууларынын арасында акыркы мезгилде көп айтыла баштады. Залкар окумуштуу К.Асаналиевден кийин бул окуяга кайрылышкан О.Сооронов, К.Бобулов, профессор С.Мусаевдер М.Ауэзовдун деле ролун төмөндөтпөй, бирок негизги ролду Болот Юнусалиев ойногондугун далилдеп жүрүшөт.
Эми конференциядагы айыгышкан полемикага кайрылып көрөлү. “Манас” эпосун башын канжыгага байлап, канын көөкөргө куюп коргоого киришкен К.Маликов, Т.Сыдыкбеков башында турган кыргыз интеллигенциясы, алардын каршысында турган А.К.Боровков, Л.И.Климович, Г.Нуров, П.И.Балтин, Ж.Самагановдордун сын менен куралданган тобу кырды бычак болуп кармашып жатат.
Биринчи топ “Манас” элдик” деген аргументтерин ортого койсо, каршы тарап эпосто “түркчүл, исламчыл катмарлар, феодалчыл мотивдер бар” деген кызыл кекиртек демагогияны жамынып, “элдик” деген аргументти жокко чыгарып, кабыл алган эмес. Ушундай кыйын кырдаалда фонунда Б.Юнусалиевдин баяндамасы илимий-теориялык жагынан негиздүү да, ынанымдуу да болгону ырас. Анткени “Манасты” изилдеп жүргөн илимий даярдыгы бар Т.Байжиев, З.Бектенов, Т.Саманчиндер ал учурда репрессиянын курмандыгы болуп түрмөдө отурган, К.Тыныстанов менен Е.Поливанов да репрессиянын кандуу капканына чабылган, Калим Рахматуллин ооруп, дүйнө салган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg