www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кумтөрдүн алтынын сатууга укуктуу «Кыргызалтындын» жетекчилиги күтүүсүз жерден толугу менен 2022 жылдын сентябрь айында кызматынан кетип калган. Алар 12 тонна алтынды 700 млн. долларга сатышканын билдиришкен эле. Булардын иштен бошоп кетишине бир себеп бардай. Жарасул Абдураимов 2022-жылдын апрель айында эле «Кыргызалтындын» башчылыгына келген экен. Алты ай иштебей ал коштошпой кеткен. Кумтөр алтыны эмне деген будуң-чаң салып жатат? Негизи чындыгын айтсак Жарасул мырза Кумтөрдүн алтынынын ар бир граммына этиет мамиле кылган жетекчи эле, эми мындай адамды күн шооласында «чырак менен издеп таба алышпайт».
Анын ордуна 2022-жылдын 2-сентябрында “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун (ААК) курамы толугу менен алмашылып, жаш болсо ичкен жегени элге угулуп калган Элдияр Калдарбеков төрага болуп дайындалган.. Ал жакында эле «Кыргызалтындын» аффинаж заводунун жетекчиси болуп дайындалган болчу. Калдарбеков 1989-жылы 23-июнда туулган. Бул жутунган жигит өйдө чапкылай баштаган. "Кыргыз алтын" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков да кызматынан алынды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди. Ал эми “Кыргызалтын” ААКтын башкармалыгынын басма сөз катчысы Канышай Рыспековага байланышканыбызда ал бул тууралуу расмий маалымат эртең чыгарын айтып жатат.
«Кыргызалтындын» жетекчилигинин алдында Кумтөрдүн кожоюну болуп турган Бөлтүрүк да кызматынан бошотулган. Ал да Акылбек Жапаровго отчет берип жатып, 2021-жылы Кумтөрдө 14.5 тонна алтын өндүрүлүп, 856 млн. долларга сатылганын билдирген. Анда Акылбек Жапаров Бөлтүрүктүн ишин мактап, ыраазы болгон эле.
Ызы-чуулуу алтын экспортуна тиешеси бар Улуттук банктын жетекчилигинде да өзгөрүү болуптур. Улуттук банктын жетекчисинин орун басары Нурбек Жеңиш кызматынан кетти. Улуттук банк да жакында эле өткөн жылы 19 тонна алтынды 1.1 млрд. долларга экспорттогонун билдирген. «Май кармаса бармагын жалаган» Улуттук Банктын жетекчиси Кубанычбек Бөкөнтаев бөктөрүнүп алганды жакшы көрөр эле. Улуттук банктын айынан экспорттолгон алтындан түшкөн акчалар бюджетке түшүрүлгөн эмес. Алардын кандай жумшалганын же Кыргызстанга келген-келбегени белгисиз. Муну билген Кубанычбек Бөкөнтаев «бөкөн жатышка» салып, бул чырдан оолагырак тургусу келет.
Азыркы «Кыргызалтындагы» кырдаал – бул көйгөй бүгүн гана жаралган жок, кечээ да эмес. Мунун бары көп жылдардан чогулуп келаткан, мындайча айтканда системалуу кризис. Ишкананын алдында муну чечүү үчүн эки чоң проблема жатат: бул минералдык – чийки заттык базанын жаңы булактарын издеп табуу жана кендерде жана филиалдарда эскирип бара жаткан жабдыктарды калыбына келтирүү, ушундай проблемалардан улам алтын казып алуунун көлөмү кыскарып, өндүрүш ылдыйлап баратат.
Запасы азайып бараткан «Макмалалтын», 1986 –жылы ишке кирип, анын запасы 2004-жылдын башында эле түгөнгөн. «Терек-Сай» кенинин запасы да түгөнгөн, ал эми «Солтон Сары» кенинде 2 тоннага жетпеген запас калды. Экинчи проблема – эскирген жабдыктар. Бул кендерде техника өз мөөнөттөрүн иштеп бүткөндүктөн, ар дайым бузулуп, толук көлөмдө иштөөгө мүмкүнчүлүктөр болбогондуктан, металлдарды жоготуу 30 пайыздан ашып кетип жатат. Мисал үчүн, атайын адистердин айтымында техникалардын иштен чыгышына, иштетүү үчүн пайдаланылбагандар «Солтон - Сары» кенинде 50 пайыздан ашык болсо, «Макмалалтында» бул көрсөткүч 59 пайызга жетет, «Терек-Сай» кенинде жабдыктардын эскиришинен кырдаал андан да татаал, ал жерде 80 пайыз иштетүү үчүн пайдаланылбайт. Эскирген жабдыктар, бул көптөн бери жарыла албай турган көйгөй, муну азыр дароо чечишибиз керек, болбосо ишкана эртеби же кечпи банкрот болот.
Азыркы топтолгон кризистик абалдан чыгуу жана анын эмне себептен бул абалга келгенин так аныктап, «Кыргызалтында» болуп жаткан кырдаалды өзгөртүү үчүн, ишкананын келечекте стратегиялык жактан өнүгүшү үчүн, азыр «антикризистик план» иштелип жатат. Бул документ боюнча башкы багыт кемчиликтерди жоюуга жана натыйжалуу башкарууга багытталган. Бул документте үч тоо-кен казып алуу филиалы пландуу түрдө үлүш ала турган биргелешкен «Кыргызалтын» ишканасын кайра түзүү боюнча компаниянын корпоративдик түзүлүшү каралган. Тыштан келе турган инвестициялардын негизинде ишкананын филиалдарында бардык жабдыктарды модернизациялоону пландап жатабыз. Албетте, азыркы учурда түзүлүп жаткан проблемалар аркылуу «Кыргызалтында» болуп жаткан акыбал инвесторлор үчүн бал каймак эмес экенин түшүнүп турабыз, бирок ошого карабай инвесторлор менен «Кыргызалтын» үчүн пайдалуу шартта келишимдерди түзүүгө аркет кылыш керек. Бул стратегияда эң башкы көңүлдү эмгек шарттарын жакшыртууну көздөө менен бирге, жогорулатылган эмгек акы менен адистердин конкуренттик жөндөмдүүлүгүн арттыруу керек. Алтын кенин иштетүү филиалдарда эмгекти баалоо төмөн жана иштөө шарттары начар экендиги жашыруун деле эмес, эмгек шарттары мыкты болушун тилейли. Кадр саясатын так жана сабаттуу иштеп чыгыш керек, ошондо гана ишкана атаандаштыкка жөндөмдүү болуп, адистердин келип - кетиши азайат.
Ушундай оор кырдаалдарга карабастан, мындай абалдан чыгуунун айласы албетте, бар. Жакынкы жылдары «Кыргызалтын» компаниясын Кыргызстандын гана долбоорлору менен эмес, чет мамлекеттик компаниялар менен биргеликте иштеше ала тургандай. «Макмалалтын», «Солтон – Сары» жана «Терек – Сай» үч филиалдан инвесторлорду кызыктырган биргелешкен ишкана түзүп жана пайдалуу жагдайда сунуш кылгандар менен ишкана иштешсе жакшы болмок.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg