www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2025-жылы азык-түлүк баасы өткөн жылдын декабрына салыштырганда 8,9% өскөн.
Анын ичинен мөмө-жемиш 42,0%, өсүмдүк майлары 17,4%, балык 15,7%, эт 15,2%, минералдык суу 10,2%, бал 9,4%, жашылча 9,4%, чай 5,4%, ун 4,8%, кургатылган мөмөлөр жана жаңгактар 4,7%, нан 4,6% кымбаттаган. Ал эми жумуртка баасы 10,1%, күрүч 1,6%, малдын майы 0,3% төмөндөгөн.
2024-жылдын декабры менен салыштырганда алкоголдук ичимдиктер 7,3%, тамеки 9,4% кымбаттаган.
Буга чейин Улуттук статистика комитетинин азык-түлүктүн бааларына жүргүзүп турган күндөлүк мониторинги жыл башынан бери уй эти 15%, койдуку 18% жана жылкынын эти 22% кымбаттаганын көрсөткөн. Ал эми эттин бул үч түрүнүн баасынын соңку беш жылдык мезгилдеги өсүүсү 70-90% чейин жеткен.