www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын куралдуу күчтөрү шейшемби күнү Тайвандын айланасында ок атуу менен аскердик машыгууларды өткөрөт. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Кытайдын мамлекеттик «Синьхуа» маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, машыгуулар өтө турган Тайвандын айланасындагы беш аймакта деңиз жана аба мейкиндигин колдонууга убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Кытай Элдик-азаттык армиясынын Чыгыш командачылыгынын өкүлү билдиргендей, «Адилет миссия – 2025» деп аталган машыгуулар деңиз жана аба күчтөрүнүн согуштук даярдыгын жогорулатууга багытталган.
Аскердик манёврдордун алкагында Тайвандын айланасындагы стратегиялык мааниге ээ портторду жана башка негизги объектилерди көзөмөлгө алуу көнүгүүлөрү жүргүзүлөт.