www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азык-түлүк кымбаттагандыктан, айрым мектептерде окуучуларга булочка, компот берүүгө өттүк. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында эл өкүлү мектептердеги ысык тамак темасын көтөрүп, депутат Айгүл Айдарова министрдин орун басарына "мектептердин ашканасына кирип жети сомдук тамак жеп көрдүңүз беле?" деген суроо узаткан.

"Арзан кезинде жеп көргөм. Абдан даамдуу болчу. Бирок азыр азык-түлүккө болгон баа абдан өсүп кетти. Баалар кымбаттай баштаганда жеткирүүчү компаниялар да келбей калды. Бул боюнча Каржы министрлигине бир нече жолу кат жөнөттүк. Башталгыч класстарга бир эле жолу тамак берилет. Бул жаатта абал оор, кыйналып жатабыз. Тамак-аш сатып алуу кыйындагандыктан компот менен булочкага өттүк", — деди Жусупбекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости