www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлиги берген сунуштардын негизинде республиканын жалпы орто билим берүү уюмдарында иштегендердин айлыгы жогорулайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде мугалимдердин, техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлеринин, эмгек акысы жогорулатылат. Андан тышкары, окуучулардын көптүгүнөн көбүрөөк окуу жүктөмү менен иштөөгө аргасыз болгон мугалимдердин эмгегин баалоо жана аларга материалдык түрткү берүү максатында кошумча акы төлөө сунушталып жатат. Кошумча акыны эсептөөдө өлкөнүн санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы белгилеген норма (класста 1 окуучуга 2 чарчы метрдин болушу) да эске алынат.

Мындан окуучуларынын саны аз мугалимдер эч кандай жабыр тартышпайт, тактап айтканда, алар окуучуларынын санынын аздыгына карабай эмгек акысын толук көлөмдө алышат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө эл жыш отурукташкан калктуу пункттарда жайгашкан айрым мектептерде окуучулардын саны нормадан ашып кетип, мугалимдерге кошумча түйшүк артылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости