www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус азыр курч кармаган респиратордук вирустук инфекцияларга (КРВИ) эле окшош, бирок ал башка ооруларды күчөтүп жибериши мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге Роспотребнадзор мекемесинин клиникалык-аналитикалык иштер боюнча директорунун орун басары Наталья Пшеничная билдирген.

"Коронавирус азыр КРВИнин башка түрлөрүнөн симптомдору жана жалпы өтүшү боюнча айырмаланбайт. Бирок анткен менен кесепети оор бойдон калууда. Анын айынан ар кандай аутоиммундук оорулар, тери илдеттери, өпкөнүн, таяныч-кыймыл аппаратынын, жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары жана кандын уюшу менен байланышкан дарттар күчөп кетүүдө", — деген эксперт.

Анын айтымында, коронавирустан кийин ден соолукту калыбына келтирүүгө таза абада сейилдөө, дем алуу гимнастикасы, жашылча-жемишти колдонуу жардам берет.

Адис оорунун симптомдору узакка созулса дарыгерге кайрылуу керектигини эскертти.

Последние новости