www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шри-Ланканын президенти Готабая Раджапакса өлкөдө газды тездетилген шартта бөлүштүрүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул демонстранттар мамлекет башчынын резиденциясын басып алгандан кийин жарыяланган алгачкы расмий документ болуп калды.

Ada Derana агенттиги Шри-Ланкада уланып жаткан экономикалык жана саясий каатчылыктын фонунда өлкөнүн айыл чарба, эмгек, туризм, инвестициялар жана транспорт министрлери кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын кабарлады.

Ишемби күнү кечинде президент Готабая Раджапакса 13-июлда отставкага кете турганы белгилүү болгон.

Азырынча Шри-Ланканын президентинин милдетин убактылуу ким аткарары ачык айтыла элек. Өлкөнүн премьер-министри Ранил Викрамасингхе да кызматтан кетүүгө макул болгон. Ишембинин кечинде демонстранттар анын Коломбодогу үйүн өрттөп салышкан.

Шри-Ланканын борбор шаары Коломбодо 9-июлда митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алышкан. Мамлекет башчысы коопсуз жерге чыгарылып кеткен жана ал аскердик-деңиз күчтөрүнүн коргоосунда экени кабарланган эле.

22 миллионго чукул калкы бар Шри-Ланкада нааразылык акциялары быйыл жыл башынан бери уланып келе жаткан. Өлкөнүн экономикасы ушу тапта болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкты башынан өткөрүүдө. Дары-дармек, айрым азыктар жетишсиз болуп жатканы, валюталык резерв түгөнгөнү, өлкө тышкы карызын төлөй албай, дефолт болгону айтылууда.

Бийлик бул үчүн коронавирус пандемиясын айыптап, өлкөгө туристтер мурдагыдай көп барбай калганын, ошондуктан киреше азайып кеткенин жүйө келтирүүдө.

Последние новости