www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байытылган ун - организмдеги темир, цинк жана фолий кислотасынын жетишсиздигинин алдын алуунун бирден -бир арзан жана жеткиликтүү булагы.  Ундун байытылышы калк арасында аз кандуулуктун, темир тартыштыгынын деңгээлин жана нерв түтүкчөсүнүн тубаса оорусунан жабыркаган балдардын санын 70%га төмөндөтөт. Мындай маалыматтар эртең 16-июнда өтө турган «Нан унун байытуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы тууралуу парламенттик угуунун  материалдарында белгиленген.

Иш чаранын маанисин түшүндүрүп,  Жогорку  Кеңеш депутаттары  Осмонбек  Артыкбаев жана Кенжебек Бокоев  бүгүн, 15-июнда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болушту.

“Улуттун саламаттыгын биринчи орунга коюш керек” – деген депутат О.Артыкбаев, –  “Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ун байытылбай келет. Анын айынан, энелер жана  жаңы төрөлгөн балдар анемия оорусуна  кабылууда. Эгер илдет  өтүшүп кеткен болсо  өмүргө зыян алып келген жагдайлар жолугууда. Бул сабак болуш керек. Ошондуктан,  аз кандуулук, богок ооруларынын алдын алуу боюнча чечкиндүү кадамдарга барбасак болбойт” – деп билдирди  “Нан унун байытуу жөнүндө” мыйзам долбоорунун маанисин түшүндүрүп.

Ошондой эле импорттолуп келип жаткан ундардын басымдуу бөлүгү Казакстанда өндүрүлгөн. Бирок, алардын 80-90%ы байытылган эмес. Муну жакында Алматы шаарында болуп өткөн эл аралык конференцияда да айтып, бир топ талаш-тартыштуу пикирлер ортого салынды,- дейт О.Артыкбаев. Ошондой эле ал -, “Экспорт кылган тарап ундун өздөрүнүн ички рыногуна чыккан бөлүгүн гана байытып, ал эми сыртка чыгып жаткан ундарды байытуу мыйзамда милдеттендирилбегендигин  айтышууда”, -деп кошумчалады. Келип жаткан ундарды кабыл албай дагы коё албайбыз. Себеби, ЕАЭБнин алкагында товарлар эркин жүгүртүлөт. Болгону биз чек арадан кирип жаткан ундарды фитосанитардык жактан текшерип, көзөмөлдөөнү күчөтөлү,- деп дагы сунуш берүүдөбүз,- дейт депутат. 

Ошол эле унду байытууну демилгелеген мыйзам долбоорунда ата мекендик ун өндүрүүчүлөр үчүн дан эгиндерин алып келүүдөгү кошумча нарк салыгынын ченеми нөлдүк ставка менен белгиленсин деп сунушталууда. Бул боюнча Экономика министрлигине, Бажы жана чек ара кызматтарына даректелген талаптар бар. Ал эми депутат Кенжебек Бокоев болсо буудай азыктарына кошумча нарк салыгы колдонулса деп мыйзам демилгелеп жатат.

“Иштеп жаткан мыйзамга ылайык,  кошумча нарк салыгы бир гана  буудайды ун кылууга алып келгенде төлөнбөйт. Бирок, башка керектөөлөр үчүн  импорттолгон буудайга  салык төлөнөт.  Эмне үчүн? Ушундай суроолорду жаратпоо максатында  мыйзам  бардык шартта бирдей иштешин камсыздашыбыз керек. Дыйкандарга  жардам берилип, азык-түлүк коопсуздугу олуттуу мааниге ээ болушу зарыл” –  деди К.Бокоев.

Ал эми унду байытуу жагдайына келгенде депутат К.Бокоев,- ички шартта даярдалган ун болобу, же сырттан келип жаткан ун болобу бардыгы бирдей байытылыш керек деген талапты туура көрөт деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости